Тогуз-Торо районунун мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиада өтүп, жеңүүчүлөрү Нарын облусуна жолдомо алып, ийгиликтүү кайтып келишти.
Нарын облусундагы олимпиадага катышкан балдар Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин 11-классынын окуучусу Айнура Абитова кыргыз-тили адабияты сабагы боюнча ийгилик жаратып l- орунга ээ болгон. Окуткан мугалими Шайыргүл Мамытбекова «Эң мыкты мугалим» деген Ардак грамотасын алып ийгилик менен кайтып келген.
Ошондой эле Т. Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин 11-классынын окуучусу Маратова Азем кыргыз-тили адабияты сабагы боюнча lll-орунду ээледи. Тоту Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин 11-классынын окуучусу Жолой уулу Кайрат математика сабагы боюнча lll-орунду, Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин 11-классынын окуучусу Жолдошова Айназик химия сабагы боюнча lll-орунду ээлеп кайтышкан.
Тогуз-Торо администрация башчысы аким Айбек Кожошов олимпиадага катышып келген балдардын ата энелерине ыраазычылык кат тапшырып, балдардын окууларына ийгилик каалады.
Даярдаган: Жазгүл Машаева