"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элира Турдубаева: «Жаштар качан өзүн даяр сезсе, ошондо турмуш курушат»»

20 Июнь 2020 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны: 119

“Качан үйлөнөсүң”же “Качан күйөөгө тиесиң” деген-суроолорду жаштар байма – бай угуп келээри белгилүү. Бирок, бул суроолордун жаштарга тийгизген таасири кандай?


Алгач, “Качан үйлөнөсүн, качан күйөөгө тиесиң?” деп адатка айланып бара жаткан суроолорго элдин көз-карашы кандай экенин угуп көрсөк:

«Чындыгында, бирөөсү үйлөнгөнгө муктаждыгы жок. Бирок акырындык менен түшүндүрүш керек. Кыз балага дагы сен эртерээк күйөөгө тий деген сөз дагы аябай орой учурайт алар үчүн».

«Антип суроо берген туура эмес го деп ойлойм. Жаштардын шагын сындырып аласыңбы».
«Өзүбүздүн ич ара тааныштарга айтсаң туура эле. Башка бирөөгө эмне күйөөгө тие элексиң деп айтыш кыйын болуш керек».
«Жаш муундарга туура эмес болуп калат го. Качан күйөөгө тиесиң десе ошол кыз туура көрмөк беле. Өзүнүн ою менен качан чыгаарын өзү билет».

Айыл тургуну Айшакан Барылбекова

Ал эми айыл тургуну Калыйча Муратбекованын алдыга максаттары, пландары бар. Ал өз кесибинде иштеп эле тим болбой, жаратмандык да кылгысы келет. Ал курчап турган чөйрөнү жакшыртууга салым кошуучу долбоорлордун ээси. Болочокто бактылуу үй-бүлөнү курууну көксөгөн каарманыбыз алгач, эл-жер көрүп, дүйнөнү танып андан соң турмуш курсам деп эсептейт.

Айыл тургуну Калыйча Муратбекова

“Эл эмне дейт”деп жашабаш керек. Элдер айта берет. Турмушка өзүңдүн адамыңды жолуктурганда, үйлөнөт, күйөөгө тиет. Мен ошентип ойлойм. Азыр ал суроо проблема эмес. Буюрган күнү, буйруп койсо кетем деп ойлойм”.

Калыйча өңдүү качан турмуш курасың деген суроону угуп жүргөн жаштардын бири менен маектештик. Ал өзүн тааныштыргысы келбегени менен туугандар жана тааныштары бул суроону абдан көп беришерин билдирди. 32 жаштагы каарманыбыз турмуш шартка карап, үйлүү -жайлуу болуп, анан үйлөнсөмбү деп пландаштырып жаткан учуру.

“ “Качан үйлөнөсүң, үйлөнбөйсүңбү” деген суроолор аябай көп берилет.Берип атып, өздөрү тажап калды окшойт.Акыркы күндөрү, андай суроолорду бербей да калышты.Же өзүм көнүп калдымбы.Күндөгүдөй эле кабыл алып, буюрса үйлөнөм да деп кутулуп кетмей жайларым бар”.

“Качан уйлөнөсүн, качан күйөөгө тиесиң”деп сурай берген зомбулуктун бир түрү. Зомбулук дегенде бир эле физикалык зомбулукту түшүнбөш керек. Ал жакта эмоционалдык, психологиялык басым жасоо да зомбулуктун түрунө кирет дейт Борбордук Азия Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу жана Онлайн университет платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева:

Борбордук Азия Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу жана Онлайн университет платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева

““Качан турмушка чыгасың”же “качан үйлөнөсүң?”-деп кайра кайра сурай берген, ого бетер чүнчүтөт. Чүнчүп, кайра өзүн сезимдерин айта албай өзүнөн өзү камалып, калат. Бала же кыз түнт болуп кетет. Көп айта бербеш керек. Качан өзүн даяр сезсе ошондо турмушка чыгат”.

Адистер, ата-эне балдарын эрте эле турмуш курууга даярдап, ал гана эмес, турмуш курууга шаштырган суроолорду берип келишет. Мындай мамилени өзгөртүп, жаштардын өз теңин табууга, туура чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк бериш керек деген пикирде. Анткени, үйлөнүп жаткандар өз каалоосу менен аң-сезимдүү баш кошуусу зарыл. Ошондой эле качан үйлөнөсүң, күйөөгө тиесиң деп сурай берген суроолор ар дайым эле туура жыйынтыкка алып келбейт.

Турмуш курууга шаштырган суроолор жаштарга кандай таасир тийгизет? Бул тууралуу макалаларды окуп, аудиосюжеттерди угуңуз.

 

Анара Мааметова