"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Вотсап сүрөтчүлөрү сыйланышты

21 Июнь 2020 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны: 69

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 15.05.2020-жылдагы N104 буйругунун негизинде 2020-жылдын 15-майынан 15-июнга чейин «Биздин балдар планетанын келечеги» аттуу бир айлык кайрымдуулук акциясы жарыяланган.


Ошону менен бирге 18 жашка чейинки Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасында «Сыйкырдуу түстөр» онлайн (вотсап) сүрөт конкурсу уюштурулган. Вотсап конкурсуна жалпы 5 айыл өкмөттөн 15 бала катышып, 3 баланын тарткан сүрөттөрү комиссиянын жыйынтыгы менен жактырылып, алдыңкы орунду алышты.
Конкурстун үч жеңүүчүлөрүнун сүрөттөрү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн. Облустан каралып, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов жана «Бирдиктүү багыт» Жалал-Абад облусттук ЮЖБ майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясынын жетекчиси Жаркуловалар Диплом жана 2 телефон, 1 глобус берип ийиптир.

Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов онлайн сүрөт конкурсунун жеңүүчүсүнө белек тапшырууда

Сыйлыктарды жеринен өкүлдөрдүн атынан Тогуз-Торо районунун администрация башчысы аким Айбек Кожошов жана администрациянын башчысынын биринчи орун басары Улан Иманбердиевдер үйлөрүнө барып тапшырып келишти.

Тогуз-Торо райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Уланбек Иманбек онлайн сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырууда

Даярдаган: Жазгүл Машаева