Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азем Маратовага олимпиададагы жетишкендиктери үчүн Райондун администрация тарабынан ардак грамота жана ата -энесине ыраазычылык каты тапшырылды
А.Маратова 3 жыл катары менен катышып райондук деңгээлдеги олимпиададан 2 жолу орунга жетишип областтык олимпиадага жолдомо алган. Областтык олимпиададан да 2 жыл катары мееен 3-орунга жетишип талыкпаган эмгегинин аркасынан үзүрлүү кайткан. Олимпиада тууралуу Азем Маратова буларды айтып берди:
«Мен 9-классымдан бери эле предметтик олимпиададан кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча катышып келем. Биринчи этап мектепте өтүп, андан райондук турга барабыз. Тогузунчу классымда райондук турдан үчүнчү орунга ээ болгом. Кийинки жылы дагы катышып, райондон экинчи орунга ээ болуп,областтык турга жолдомо алгам. Ал эми Нарын шаарында өткөн облустук олимпиададан үчүнчү орунга ээ болгом.
Быйылкы жылы да кайрадан катышып ушундай эле жыйынтыкка жетиштим. Райондук турдан экинчи орунга,ал эми облустук турдан үчүнчү орунга ээ болдум. Негизинен бул областтык олимпиадага катышуу көп эле кыйынчылыктарды талап кылат. Бир күндү дагы текке кетирбей окуу керек. Көбүнчө мен адабий китептерге басым жасайм. Аларды көбүрөөк окуганга аракет кылам.
Анткени азыркы олимпиадада кадимки окуу материалдарынан суроолор өтө аз келет. Көбүнчө ал жакта логиканы текшерүүчү суроолор көп кездешет. Ошондуктан китепти көп окуу зарыл. Албетте, менин бул кичинекей ийгиликтериме жетишүүгө өзүмдүн кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалимим Курманова Атыр эжекемдин салымы өтө чоң. Эжекем дайыма туура багыт берип, ар дайым билбеген нерселерди үйрөтүп, олимпиадага ар дайым эжекем даярдайт. Мен кандай ийгилик жаратсам, эжекемдин ал нерсеге түздөн -түз салымы бар.Албетте, үйдө ата-энем да дайыма шарт түзүп берип,колдоп турушат»,-дейт Азем Маратова.
Нуриза Рыскулова