Тогу- Торо районундагы мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүштү. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга, райондук билим берүү бөлүмү, ички иштер бөлүмү, медицина кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүштү.
СOVID-19 илдетинен сактануу максатында алдын ала Тоту Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин ичи, тышы дезинфекцияланган.
Балдар бут арчыган килемчелер, санитайзерлер, тепловизор, бет кап, кол кап, кагаз сүргү, суюк самын менен камсыздалды.
Тогуз- Торо районуна өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү келип, маселелер менен таанышты.
Жазгүл Машаева