"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аялдар социалдык маселелерди көп көтөрөт

30 Июнь 2020 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны: 79

2020-жылдын апрель айына Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо пландалган. Бирок, карантинге байланыштуу шайлоо мөөнөтү жылдырылып келет. Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештерде депутаттардын 30% сөзсүз түрдө аял болушу керек экени мыйзамда көрсөтүлгөн.Венера Эпээва Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору. Мурда жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп, бирок көрсөтүлгөн жобонун негизинде ошол аймакта жашаган жетекчи айымдар депутаттыка талапкер боло албайт дегенинен кайра талапкер болуудан баш тарткам дейт:

Сары-Булуң айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер Винара Эпээва

“ Мен жергиликтүү бир аймакта жетекчи болуп иштегениме байланыштуу болбой калдым. Анткени, шайлоонун жобосунда эгер аймакта жетекчилик кызматта турса, ошол жердин айылдык кеңешине депутат болбойт деген жобосу бар экен. Депутаттыкты аткара албай калдым. Чектөөлөр, туура эмес болуп жатат. Менин көз карашымча”.

Коомдогу калыптанып калган ар түрдүү стереотиптер айымдардын саясатка аттануусуна тоскоолдук жаратып келет. Алсак, “аялдын орду үйдө, саясатта эркектер жүрүшү керек” деген туура эмес көз караш бар экенин адистер да байма-бай айтып келишет. Ал эми Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Жоомарт Таанылбеков жергиликтүү кеңеште аял депутаттардын орду чоң деп эсептейт:

Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Жоомарт Таанылбеков

“Айылдык кеңеште 3-4-жылдан бери депутатмын. Мисалы, эркек депутаттар жолдорду салуу, оңдоо, спорт зал, суу маселеси жалаң эле айыл чарба маселесин көтөрүп чыгабыз. Биздин айылдык кеңеште 1 аял депутат бар. Жалаң, социалдык маселелерди айтат. Мектептерди оңдоо, жылуулоо, мигрант балдардын саны, социалдык жактан камсыз болуп жатабы, жалаң ушул сыяктуу маселелерди көтөрүп чыгат.

Аялдар,социалдык абалын жакшыртууга катыша алат .Себеп дегенде бул айылдын көйгөйү мамлекеттин көйгөйү да. Бардык маселе тең көтөрүлүп, айыл чарбасын дагы, соц тармагын дагы тең чечкенге укуктуу да. Ошон үчүн аялдардын орду Жогорку Кеңеште, Жергиликтүү Кеңеште бүт баардык жерде тең болуусу зарыл”.
Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форумунун аткаруучу директору Бермет Стакеева азыркы күндө аялдардын сабаттуулук деңгээли жогору, бирок, саясий процесстерге катышуу үчүн, белгилүү бир билим жана көндүмдөргө ээ болуш керек дейт:

“Саясий процесстерге катышууну каалаган аялдар өздөрү активдүү даярдануусу керек. Эң негизгиси аялдар коомго позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүнү каалаш керек. Ошол аялдар тажрыйба топтошуп, өзүн-өзү күмөн саноолорду жеңип, психологиялык туруктуулукка жана күрөшүү үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болуш керек”.
Депутат аялдардын саны айылдык кеңеште жылдан жылга азайып келген. Мисалы, 2004-жылы кеңештин 19% аялдарды түзсө, өлкө боюнча айылдык кеңештерде 2008-жылы 17%, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин 10% гана аялдарды түзгөн. Мындан сырткары аялдар сунуштаган маселе эркектер тарабынан колдоо таппайт дейт “Аялдарды колдоо борборунун” аткаруучу директору Бакен Досалиева:

«Аялдарды колдоо борборунун» аткаруучу директору Бакен Досалиева

“Ошол 86 жалаң эркек депутат болгон жерлерди карап, анализдеп көрсөк, тартип маселеси начар. Көбүнчө эркек депутаттар сессияларга катышпайт. Миграцияга кеткен учурлары бар. Ошол айылдан депутат болуп өтүп кетет дагы шаарга жашап кеткен. Айылдын көйгөйү менен кызыкпаган ушундай көрүнүштөр көп болгон”.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, айылдык кеңештерде аял депутаттардын саны 10 жылда дээрлик 10% азайган.
Белгилей кетсек, учурдагы шайлоонун өзгөчүлүгү, жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30% жеңилдик мыйзам тарабынан бекитилген. Квотанын негизинде аймактардагы эл үчүн иштейм деген активдүү айымдардын, депутат болуусуна чоң өбөлгө түзүлдү. Муну адистер да белгилеп өттү.

 

Депутаттыка талапкер айымдардын даярдыктары жана тоскоолдуктар 

Анара Мааметова