"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Билимдүү жаштар-жаркын келечек

18 Июль 2020 жыл 11:39
Көрүүлөрдүн саны: 88

Болот Отунчиев үй-бүлөдө 7 бир тууган. Эже- байкелери, жогорку окуу жайлардан билим алышып ага кезек келгенде мал-жандыктар менен үй-бүлөңдү багып кетесиң деп окутпай коюшкан.

Көп жылдан бери курулуш тармагында иштеп, тапкан эмгегим менен үй-бүлөмдү багып келем. Колдо диплом болбогондон кийин айла жок жумуш оор, убагында билим алсам болмок экен деп ойлонуп калам.Өз башынан өткөн тажрыйбалардан улам, кыз балага да, эркек балага бирдей билим кериш керек деген оюн баса белгиледи:

Айыл тургуну Болот Отунчиев

“Кызыма, балама да колуман келишинче кесипти өз тандоосуна коюп, өздөрү каалаган окуу жайга тапшыртканга аракет кылам. Балдарымдын кайсы кесипке шык жөндөмү болсо ошол кесипке окутам. Келечекте уул кыздарым, мамлекеттин өнүгүсүнө салым кошот деген ишеничим бар”.

Борбордук Азия Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу жана медиа эксперт Элира Турдубаева коомдо кыз бала менен эркек балдарга тарбия, билим тең укуктуулукка негизделиши керек деген оюн ортого салды. Тарбия, билим алууга бирдей тең мамиле кылыш үчүн, үй-бүлөдөн баштоо керек. Керек болсо, бала бакча, мектеп универиситетте дагы кыздарга, уул балдарга билимди тең берип, кесип тандаганда гендердик стереотиптеги көз карашты колдонбош керек дейт.

Азыркы Кыргызстанда техниканын өнүгүп жаткан мезгилде уул, кыздарга билим алуу керек. Билимдүү балдар, өлкөнү өнүктүрөт дейт айылдын пенсионери Бегимбү Иманалиева.

Пенсионер Бегимбү Иманалиева

“Түшүнүп калган ата-эне бүт чет мамлекеттен окутат. Анан ал жактын турмушун көрмөйүнчө балдар компетенттүү билим алмайынча, мамлекет эч кандай өнүкпөйт. Билимдүү балдар көтөрөт экономиканы. Ошон үчүн кыздардын, балдардын билим алуусу эң зарыл”.

Кыз баланы дагы, эркек баланы окутуу абзел.Бул акыркы замандын талабы деген оюн Аялдарды колдоо борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева билдирди:

Аялдарды колдоо борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева

“Кыз бала, уул бала дебей, колдон келишинче билимдүү кылыш керек. Кыргызстанда билимдүү келечек болот.Анын үстүндө башка мамлекеттерге чыгып, иштеп жатышат. Өзүнүн билими болсо, тил билип турса, алар өздөрүнө жакшы кор болушпайт. Кыргыз Республикасынын өнүгүсүнө дагы билимдүү жаштар керек”.

Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт
Анара Мааметова