"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда күндүзгү стационар иштеп баштады

18 Июль 2020 жыл 23:20
Көрүүлөрдүн саны: 67

Тогуз-Торо районундагы Макмал орто мектебинин спорт залы күндүзгү стационар катары колдонууга берилди.

Макмал орто мектебинин спорт залынын стационарга берилген бөлмөсүндө бейтаптарды кабыл алуу учуру

 

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева:

«Акыркы кырдаалга байланыштуу райондук оорукананын соматика бөлүмүн ал дагы жетишпегенинен поликлиниканы пневмония-2 кылып ачтык. Бейтаптарды райондук ооруканада, стационарга дарылоого, орун жок.

Ошондуктан, мектептин спорт залында бейтаптарды кабыл ала баштады. Ичи 30 орунга туура келет. Алгач, бейтаптар врачка кайрылып, дары- дармекке көрсөтмөнү алып, стационардагы медайымдарга барып, ийне сайдырып алышат. Кабыл алуу үчүн 1 врач, 3 медициналык кызматкер бекитилди. Күнүгө эртең менен саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин иштейт.

Бүгүнкү күндө абал курчуп, пневмония оорусу менен кайрылгандар көп. Орундар жок, дарыгер, медициналык кызматкерлер жетишсиз. Кычкылтек концентратор, тест ПЦР жетишпей жатат. Демөөрчүлөрдөн 8 даана, облустук гуманитардык жардамдан 1 даана келген. Бирок ошого карабастан жетишпей жатат», -деди Султангазиева.

Тогуз-Торо районунун айыл аймактарында күндүзгү стационар уюштурулуп жатат 

Анара Мааметова