"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Карантиндин балдарга тийгизген таасири

19 Июль 2020 жыл 1:05
Көрүүлөрдүн саны: 55

Коронавирус пандемиясына байланыштуу, мектеп окуучулары 16-мартынан өлкөдөгү бардык мектептер, карантинге жабылып, окууну аралыктан окутууга окутууга өткөнү баарыбызга белгилүү.

Онлайн окуулар кандай болгондугу тууралуу мугалимдер жана окуучуларга кайрылып көрдүк:
Негизинен ата-энелер тарабынан, балдарга зордук-зомбулук, чектөөлөр көп болду. Мектептеги билим алуу менен үйдөгү билим алуунун ортосундагы өтө чоң айырмачылыктар бар экен. Мисалы, бала мектепте өзүн эркин алып жүрө турган болсо, үйдө кандайдыр бир чектөөнүн негизинде билим алды деген пикирин Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин директору Венера Эпеева билдирди:

Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин директору Венера Эпеева

“Карантинде алыскы аралыктан окутууда, биздин көз карашыбызча өтө начар болду. Үй-бүлөдөгү ата-энелер тарабынан чектөөлөр көп болуп, ошондуктан алыскы аралыктан окутуу туура эмес көз караштарды алып келди”.
Аталган мектептин тарых мугалими Татыгүл Арзыматова оюн төмөндөгүчө айтты:

Тарых мугалими Татыгүл Арзыматова

“Аралыктан окутууда ар бир балада телефон, болуш керек экен.Ошол эле учурда бирдиги түгөнүп калса , сабакка учурунда катышпай калат экен.Телефондун жетишсиздиги көп болду.Эгер, бала сабакты каалабаган болсо, сабакка катышпай коет экен.Чалсаң албай коет.Мектептегидей, толук көзөмөлдөбөй калат экенсиң.Бирок, ошого карабастан, класс жетекчилер, ата-энелер менен байланышып, балдарды сабакка катыштырууга аракет кылып жатышты».
Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Калиман Мааткеримова аралыктан окутуу боюнча маалыматын бөлүшө кетти:

Башталгыч классынын мугалими Калиман Мааткеримова

“Аралыктан окутууда ата-энелер менен байлашып жаткан учурда балдарыбыз окууда жүргөндөй эмес, жайкы каникулда жүргөн сыяктуу, кош көңүл мамиледе болушту деп ата-энелер билдиришти. Чындыгында,башталгыч класстарга кыйыныраак экен.1-класс жаңы тамга таанып, жаңы окуп аткандарга, окуса дагы тексти түшүнө албайт экен.Ошон үчүн мектепте бири-бирине атандашып, окуган таасирдүүрөк экен”.
Карантин маалында балдарыма мугалимдей түшүндүрө албай кыйналгандыгын айыл тургуну Бейшекан Далиева төмөндөгүдөй билдирди:

Айыл тургуну Бейшекан Далиева

“Мага аралыктан окутуу жаккан жок. Андан көрө мектепте, мугалимдин жанында үйрөнгөн жакшы экен. Мугалимдегидей, жеткиликтүү түшүндүрө албайт экенбиз. Балдарыбыз, мугалимдегидей бизди кабыл албайт экен. Ал оюнга алаксып, сабакка көп көнүл бөлгөн жок.”

Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин 10-классынын окуучусу Нуриза Рыскулова карантин учурундагы күндөрү менен бөлүштү:
“Онлайн окутуудагы билим берүү жеткиликтүү эле болуп жатты, бирок мектептеги билим берүүгө салыштырмалуу менин көңүлүмө толгон жок. Мен мектептен классташтарым менен бирге, мугалимдердин маңдайында билим алгым келген. Бирок бул онлайн окутуунун да пайдалуу жактары болду, мисалы мен мектеп билим берүүсү менен гана чектелбестен, өзүмдү өнүктүрүүгө да убакыт көбүрөөк болуп жатты”.

Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Нуриза Рыскулова

Онлайн-бүтүрүүчү: Быйылкыдай мектепти бүтүрүүнү эч кимге каалабайм
Анара Мааметова