"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо райондук ооруканага ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жатат

19 Июль 2020 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны: 79

Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшеева райондук ооруканага колдоо көрсөткөн атуулдарга ыраазычылык билдирди.

Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшеева

Нуржамал Дүйшөбаева: “Элдин колдоосу медиктерге аябай күч-кубат берет экен. Ар тараптан колдоп, ысык тамактарын алып келип, күндө байланышып, эмне жардам керек деп болгон күч-аракеттерин жумшап жатышат.

Табылгыты айыл жаштары райондук жалпы дарыгерлик борборунун эмгек жамаатына, түштөндүрүү учуру

Жугуштуу оорулар бөлүмү 15-20жылдан бери пайданылбай, муктаж болуп келгембиз. Ушундай шартта оорукананын абалын ар тараптан колдоп, район эли биримдикте иш алып барууда. Тогуз-Торонун атуулу катары Азиз Ороков жугуштуу оорулар бөлүмүн ремонттоого накталай 420000(төрт жүз жыйырма миң) сом жана 180 000(жүз сексен миң) сомго 3 даана каалга 4 даана терезеге буйрутма берип, тактап айтканда 600000 сомго жакын демөөрчүлүгүн көрсөттү.

Мындан сырткары, Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов областан 250 000сом, “Макмал Голд Компании” 250 000 сом, Тогуз-Торо жаштар кеңеши дагы салымдарын кошушту.

«Макмал Голд Компании» тарабынан райондук ооруканага кислородный концентратор тапшырылды

Тогуз-Торо районундагы муктаж болгон бейтаптарга, колдоо көрсөтүү максатында Кореядагы жердештерибиз оорукананын бир бөлүмүн жасап атышат.Дубайда иштеген кыздарыбыз Луиза Амангелдиева, Айзада Жусупжанова 30 000 сом, иштеп жаткан балдардын маянасын төгүп беришти.
Тогуз-Торо райондук ооруканага “Германия Россия, Турция, башка чет мамлекетте иштеп жаткан, уул- кыздарыбыздын баардыгы акча чогултушуп, “Тилектеш Эл Коомдук бирикмеси” менен иштешип, счетторго акча которуп, керектүү каражаттар алынып берилди”.
Тогуз-Торо айыл аймагынан 20жылдык бүтүрүүчүлөрүнөн 86 коргонуучу костюмдарды алып беришти”.

Тогуз-Торо районунун айыл аймактарында күндүзгү стационар уюштурулуп жатат

Анара Мааметова