Коронавирус илдетине байланыштуу , өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Тогуз-Торо районунун аймагында кары-картаң жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, материалдык жардам берилди.

Айыл тургуну жардам алууда

“Тилектеш Эл” коомдук бирикмеси, Кара-Суу Жаштар ынтымагы жана Т.Сатыбалдиев орто мектебинин мектеп жамааты тарабынан , аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Жардам көрсөткөн жаштарга,айыл тургуну Жеңиш Чөкөнбаева апа төмөнкүдөй батасын берди:

Жаштарга бата берүү учуру
«Өлкөдө тынчтык болсун, өмүрүнөр узун , өрүшүңөр жайык, жакшы жигиттерден болгула.Бактылуу кыздардан бол,ден-соолукта, бала-чакалуу, тың кыз бол”-деди Ж.Чөкөнбаева.
Даярдаган: Анара Мааметова