"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылды

22 Июль 2020 жыл 14:07
Көрүүлөрдүн саны: 74

Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү уюмдарынын 2019-2020-окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айназик Жолдошова 196 баллга татыктуу болду.

Жалпы 188 окуучу катышып, 110 баллдан жогору 87 окуучу, 110-190 баллга чейин 79 окуучу, 190 баллдан жогору 1 окуучу татыктуу болду.

Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн медотисти Мээрим Шаамырканова билдирди:

Ал эми Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Фаризат Эсентур кызы 122 балл, Саймалуу-Таш мектебинин бүтүрүүчүсү Айтбубу Токтакун кызы 127 балл, Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Гулгаакы Бакытбек 127 балл, М. Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Перизат Турдакунова 158 балл, Т. Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айназик Абдылдаева 159 балл, Б. Урстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Луиза Бектурсун кызы 163 балл, Э. Касымалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Элдияр Рысбеков 171 балл, Бирдик орто мектебинин бүтүрүүчүсү Каныбек кызы Айымсулу 179 балл.

А. Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Акбермет Ногоева 187 балл, Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кайрат Жолой уулу 187 балл, Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айнур Абитова 189 балл алышты.
Ошондой эле 110 баллдан жогоркулар Т.Токтоналиев атындагы N45 кесиптик лицейден 3 окуучу, мурунку жылдын бүтүрүүчүлөрүнөн 19 окуучу алган.
Тогуз-Торо райондогу мектептерден эң жогорку балл алган бүтүрүүчү Айназик Жолдошованы Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы Улан Көчөрбаев “Мактоо баракчасын” тапшырды.

Ак-Талаада бүтүрүүчүлөр республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды алышты
Жазгүл Машаева