"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп 21 турак үйдү суу каптады

29 Июль 2020 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны: 65

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.

Катуу жаган жамгырдын кесепетинен түшкөн сел Кадыркулов көчөсүндөгү 12 турак үйлөрдүн короосун-сарайларын суу каптап кеткен

Казарман айылынын Абдрахманов колотунан болжол менен саат 22:17 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен түшкөн сел Кадыркулов көчөсүндөгү 12 турак үйлөрдүн короосун-сарайларын суу каптап кеткен.

Анын айтымында, 26-июлда саат 22:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Казарман айылынын Кадыркул көчөсүн суу каптап, 12 турак үйдүн, Б.Алиев көчөсүндө 9 турак үйдүн короолоруна суу кирген жана Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 23 — 24 — чакырым аралыктарын суу каптаган.

 

Айдоо аянттар жана кышкы тоют да селде калды

Көчөлөрдү каптады

“Казарман- Жалал-Абад авто унаа жолунун 15-16- чыкырымындагы жолду сел суу агымы авто унаа өтүүгө жараксыз кылып алып кеткен, Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетинин авто жүктөгүчү менен жол каттамы калыбына келтирилип, бир багыттуу жол берилип, 32 жеңил авто унаа, 5 спринтер, 2 ман, 2 камаз, 1 ГАЗ-53, жана 4 трактор престөөчү чиркемеси менен өткөрүлдү”,-дейт М.Токтобеков.

Туруксуз аба- ырайынан буга чейин Лейлек районунда 2 жолу сел жүрдү.

Анара Мааметова