"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Карантин учурунда Тогуз-Торолук карылардын абалы кандай?

30 Июль 2020 жыл 19:23
Көрүүлөрдүн саны: 89

Коронавирус илдетине байланыштуу, өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кары адамдар үй-бүлөсү менен бирге үйдө болушту. Өздөрү жакшы көргөн жумуштар менен алек болушуп, убактыларын текке кетирген жок.

Сары-Булуң айыл аймагынын тургуну ардактуу эс алуудагы пенсионер Акылжан Шаршенкулова апа коронавирус илдетине байланыштуу, өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал киргизилген учурунда убактысын кандай өткөргөндүгү туралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

Айыл тургуну Акылжан Шаршенкулова

“Карантин учурунда көчөгө чыкпай, үйдө сактанып, отурдук. Айрыкча, бизге окшогон кары- картаңдарга, коопту экен. Балдарыбыз бизге кам көрүп жатышты. Менин диагнозум, кант диабети болгондуктан, күчтүү тамак ичкенге болбойт. Ар дайым диетада болгондуктан, сүт, быштак, айран ушул сыяктуу тамактардын 1% дыгын алып ичүү керек. Кээде айылда ушул сыяктуу продуктылар жок болуп калат. Балдарым шаардан алып, айылга салып жатышты. Ар дайым мага кам көрүп, байланышып, акыбалымды сурап турушат. Телевизор көрөм, китеп окуйм, тигүүчүлүк менен алектенем. Беш маал намаз окуйм. Убакыттын кандай өткөнүн деле сезбей калам».

Орозобек Кыргызалиев байбичеси Алмабү Бакирова менен

Айылдын тургуну, баатыр эне Алмабү Бакирова апа менен баарлашканыбызда, буларга токтолду:
“Карантинде башка адамдар сыяктуу эле үйдө болдук. Абалыбыз жакшы, күндөгүдөй эле, оокатыбызды жасап жүрөбүз. Айыл жеринде жумушсуз калган, зериккен адам жок. Ар бир үй-бүлө, өз жумуштары менен алек болушту. Пенсияны убагында алабыз. ФАПка барып, кан басымыбызды  өлчөтүп, дарыларды алып, ичип атабыз. Кээде, дары-дармекке, пенсиябыз жетпей калат».

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Аяткан Шеримбекова маалымат берди:

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Аяткан Шеримбекова

“Карантин учурунда өтө карыган, баса албаган адамдар тарабынан бизге билдирүү келсе, үйүнө барып, кан басымын өлчөп, кеңештерибизди берип келебиз. Азыркы абалга байланыштуу, телефон менен байланышып, кары адамдардын абалын билип турабыз. Негизинен, бизге орто жаштагылар, кары адамдар, кант диабети, кан басымы жогору, астма оорусу бар адамдар кайрылып жатышат.”

Айыл тургуну жардам алууда

Мындан сырткары, кары адамдарга “Тилектеш Эл” коомдук бирикмеси, Кара-Суу Жаштар ынтымагы жана Т.Сатыбалдиев орто мектебинин мектеп жамааты тарабынан,  азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Тогуз-Торо: Карантинде кары-картаңдардын абалы кандай болду?

 

Анара Мааметова