"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айыл жаштары жана чет жердегилер ФАПка жардам көрсөтүштү

2 Август 2020 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны: 120

Табылгыты айыл жаштары, Россияда иштеген жердештер демилге көтөрүп, райондук ооруканага жана жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Сары-Булуң айыл аймагынын “Табылгыты айыл жаштары” демилге көтөрүп, 30 миң сом акча чогулуп, ФАПка керектүү 2 керебет жууркан төшөгү менен райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнө терезе, каалга жана кир жуучу машиналар алынды.

Тогуз-Торо райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнө 1даана пластикалык терезе, 1даана каалга жана кир жуучу машиналар алынды

Мындан сырткары, Табылгыты айылындагы ФАПка 20 000 сомдук дары-дармектер жана умывальник келип түштү. Бул жардамдар Россия шаарында эмгектенип жаткан Табылгытылык жердештерден келген.
Табылгыты айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Нурзат Арзиевага кайрылганыбызда төмөнкүдөй оюн билдирди:

Жергиликтүү Фапка жардамга келген дары-дармектер

“Биз буга чейин ФАПка айыл аймактан, райондук ооруканадан эч кандай жардам болгон эмес. Кол жууй турган умывальнигибиз жок болуп келген. Россияда жүргөн жердештерибиз акча чогултушуп, керектүү аппараттарды, дары-дармек алып берип жатышат. Жарандар тарабынан билдирүү келгенде үйлөрду кыдырып, темпратурасын, мекендештерибиз тарабынан келген тепловизор текшерип калдык. Аябай жакшы экен дем алуусун, жүрөгүнүн согуусун, текшерип, оорунун алдын алып калдык. Мурун, жарандарыбыз сыркоолоп калганда, ызы-чуу болуп, райондук ооруканага жөнөтүп келгенбиз. Мындан сырткары, Бишкек шаарында 8-поликлиникада иштеген кызыбыз Мээрим Жамшитбек кызы жергиликтүү ФАПка пульсоксиметр алып берди”.

Айыл тургундары дагы мекендештердин жардамына ыраазычылык билдирип жатышты. Алардын бири Бүжамал Токтоболотова мындай деди:

ФАПка келген керектүү буюмдар

Буга чейин ФАПта кол жуугуч да жок эле

 

“Россияда жүргөн балдарга рахмат айтам. Элге жардам кылып, дары-дармек салыптыр. Иштерине ийгилик, чың ден-соолук каалайм. Чет жерде жүрсө да, эл жерин эстеп, элдин керегине тийген балдарга ыраазычылык билдирем. Медайымыбызга да рахмат. Чакырган жерге барып, жардам көрсөтүп жаткан Нурзат Арзиева Табылгыты айылынын ичиндеги сыркоологон адамдарга барып, жардам көрсөтүп жатат”.

Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшөбаева райондук ооруканага жардам көрсөткөн айыл жаштарына ыраазычылык билдирди:

Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшөбаева

“Жугуштуу оорулар болүмүнө Табылгыты айыл жаштарынан демөөрчүлүк кылып, 1 пластикалык каалга, терезе жана атайын медайымдардын халатын жууш үчүн кир жуучу машина, Табылгыты ФАПына 2 керебет жууркан төшөгү менен алып келип берип жатышат. Буга чейин ысык-тамагын уюштуруп, түштөндүрүп келишкен. Ушунун баары, элдин саламаттыгы үчүн, жаштар биздин келечегибиз. Өлкө сиздердин колуңуздарда. Ушул кырдаалдан, жапа тырмак, биргелешип чыгып кетели. Баарыңыздарга чооң рахмат!”-деди Нуржамал Дүйшөбаева.

Сары-Булуң айыл кеңештин депутаты Мендебай Бараталиев төмөнкүлөргө токтолду:
“Табылгыты айыл жаштары колдорунан келишинче жардам беришүүдө. Элдин саламаттыгы үчүн өтө чоң салымдарын кошуп жатышат. Азыркы кырдаалга байланыштуу медицина тармагы элге керек болуп жаткандыктан, жаштар демилге көтөрүп, Табылгыты айылындагы жергиликтүү ФАПка жана Тогуз-Торо райондук ооруканага керектүү буюмдарды алып беришти”.

 

Буга чейин дагы айыл жаштары райондук ооруканага концентратор жана жергиликтүү ФАПка дары-дармек, медициналык каражаттарды алып келишти.

Анара Мааметова