Тогуз-Торо районунда 29-июлда тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.
Каргалык айыл аймагына караштуу Казарман айылында сел жүрүп, анын кесепетинен Кадыркулов көчөсүнүн көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 3 турак үйдүн короосун суу каптаган. Короолорго сел кирип, дубалдан тосмолонгон тосмосун тешип өткөн. С.Кебекбаевге таандык жеке авто жүктөгүч менен сел суу агымын тосуу иштери жүргүзүлдү.
Тогуз-Торо айыл аймагынын Казарман айылындагы Сыргак колот участкасынан түшкөн сел суу агымы, болжол менен саат 04:10 чамасында аталган колотко жакын жайгашкан Сыргак Абдыразаковдун турак үйүн жана Жамалбек Сасыкуловго таандык Т.Шайнаев көчөсүнүн № 38 үйүнүн алдын жана короосун, Учөк Түлөкеевге таандык Тобок көчөсүнүн № 1 турак үйүнүн алдын суу каптаган.
Тогуз-Торо айыл аймагы тарабынан 1 даана авто жүктөгүч тартылып, каналдын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек 26-июлда Тогуз- Тородо катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.
Анара Мааметова