"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси дарыгерлердин көңүлүн көтөрдү

13 Август 2020 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 153

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин атынан жалпы бүгүнкү күндүн каармандары болгон дарыгерлерге эстелик сүрөт тартылып, Тогуз -Торо районунун дарыгерлерине гүлдесте тартуулашты.

Тогуз -Торо районунун дарыгерлерине гүлдесте тартуулашты

“Таазим сиздерге урматтуу дарыгерлер! Бул эстелик сүрөт менен биз сиздерге болгон ыраазычылыгыбызди билдиргибиз келди. Ар бир күнү жумушка кирерде жалпы калайык сиздерди алкап, сиздердин коомдогу ордуңуздарды баалап жатканын сезип турасыздар деген ишеничтебиз”, -дейт Тилектеш Эл коомдук бирикмесинин төрагасы Анарбек Санжыбаев.

 

Тогуз-Торо райондук ооруканасынын маңдайына, дарыгерлерге арнап, эстелик сүрөт тартылды

 

«Тилектеш Эл коомдук бирикмеси» 2018-жылы түптөлгөндөн тартып коомдук иштерде активдүү катышып, кайрымдуулук иштери менен байма- бай алектенип келишет.

 

Тогуз-Торо районуна КР Улуттук Жарым Ай коомунан жардам келди
Жазгүл Машаева