"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айымдарга жамааттарды өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу окутуу болду

16 Август 2020 жыл 1:48
Көрүүлөрдүн саны: 109

 «Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө аялдардын ролу» деген долбоордун алкагында Тогуз-Торо районуна караштуу 5 айыл өкмөттүн аялдар кеңеши, активист айымдар, жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон айымдар үчүн окуу тренинг болуп өттү.

Тогуз-Торо районуна караштуу 5айыл өкмөттүн аялдар кеңеши, активист айымдар, жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон айымдар катышты

 

Гендердик  маалымат борборунун ассоциациясынын програмдык координатору Элиза Аджиева

Гендердик  маалымат борборунун ассоциациясынын програмдык координатору Элиза Аджиеванын айтымында гендердик маалымат борбору, бардык жер-жерлерде, жергиликтүү аялдардын укугун коргоо боюнча, алардын саясатта чечим чыгаруу органдарында иш алып барышын өнүктүрүү боюнча, жергиликтүү деңгээлде, аялдардын демилгелеринин колдоо деген долбоор иштеп жатат. Бул долбоор АКШнын элчилигинин демократиялык комиссиясынын каржылоосу менен Кыргыз Республикасынын облустарында жүрүп жатат.

 

“Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустары менен камтып, баш аягы 2 этап менен өтүп  жаткан окууга 100дөн ашык айымдар катышууда. Биринчи этапта болсо келерки айылдык кеңештердеги шайлоолорго карата аял кандидаттардын потенциалын жогорулатуу боюнча тренингдерди өткөргөнбүз. Ал эми экинчи этабында аялдар кеңеши, активист айымдар, жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон айымдар менен өткөрүп жатабыз. Тренингде аялдардын укуктары, гендердик маселелер, аялдарга карата зордук-зомбулук, аялдардын чечим чыгаруудагы ролу жана алардын саясаттагы жолундагы тоскоолдуктар жана күтүүлөрү,  жергиликтүү мыйзамдарындагы жергиликтүү айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30% квота резервдөө боюнча маалыматтар берилди”,-деп билдирди Э.Аджиева.

Аталган иш чарага катышкан Табылгыты айылынын тургуну Астра Назаралиева оюн төмөнкүчө бөлүштү:

“Бул иш чарадан, өзүмө пайдалуу көп маалыматты алдым. Атап айтсам, гендер деген сөздү буга чейин түшүнбөй келчимин, бүгүн түшүндүм. Аял менен эркектин укутары бирдей экен, биз буга чейин, калыптанып калган көз караш менен жашап келиптирбиз. Бул жактан билген маалыматымды тааныштарыма айтып барам. Айрыкча, аялдар үчүн мүмкүнчүлүк бар экен, 30% квота, эгер аялдар жергиликтүү кеңешке кандитаттыгын койсо, болот экен”.

Атай айыл аймагынан келген жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер Назгүл Бозжигитова

Сары-Булуң айыл аймагынан келген активист Алиса Тобокелова:

“Бүгүнкү семинар жакшы деңгээлде өттү. Айылдагы лидер айымдардын өсүшүнө салымын кошту. Биз билбеген көп нерселерди үйрөтүп кетишти. Мурда укугубузду билбей жүрүптүрбүз. Ошонун баарын бул семинарда үйрөндүк. 30% квота, swot анализ жана айылдагы айымдар депутаттыкка кандай жол менен барыш керек. Ошол нерменин бардыгын бул окуудан окуй алдык».

Биздин район артта калбасын деп демилге көтөрүп, ушундай окууларга кайрылуу кат жазган Тогуз-Торо райондук администрациянын биринчи орун басары Гүлжамал Султангазиевага ыраазычылык билдиребиз”,-деди А.Тобокелова.

Жыйынтыгында, уюштуруучуларга катышуучулар тарабынан ыраазычылык билдиришти. Ушундай окуулар бат-баттан келип, айыл аймактарда өтүлүп турса деген сунуштарын айтышты. Жалпысынан тренинге 60дан ашуун аял катышты.

Депутаттыка талапкер айымдардын даярдыктары жана тоскоолдуктар
Аялдар социалдык маселелерди көп көтөрөт. Бул тууралуу макаланы окуңуз.

Анара Мааметова