"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жайкы эс алууда ата-энелер тарабынан балдарга жетиштүү көңүл бурулуп жатабы?

18 Август 2020 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны: 103

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинен улам, мектеп окуучулары, онлайн түрүндө окуп, каникулга тарашты. Азыркы учурда, ата-энелер балдарынын жайкы эс алуусу тоодо, үйдө, китепканаларда өтүп жаткандыгын айтышууда.

Казарман айылынын тургуну Света Абдраимова менен баарлашуу учуру

Быйыл карантинге байланыштуу балдардын жайкы эс алуусу кандай өтүп жаткандыгы туурасында сурамжылоо жүргүздүк.

Казарман айылынын тургуну Света Абдраимова: «Азыркы карантинге байланыштуу неберелерибизди мурункудай, шаарларга, лагерлерге жөнөтө албай калдык. Ошентсе да, өздөрүн өнүктүрүү үчүн ар кандай таасирдүү китептерди алып берип, сүрөт тарттырып, ойнотуп, акыл насаат сөздөрүбуздү айтып жатабыз», -дейт.

Анара Калмурза кызы балдарынын жайкы алуусу үйдө өтүп жаткандыгына токтолду:

Анара Калмурза кызы балдарынын жайкы эс алуусу тууралуу айтып берүүдө

“Абалга байланыштуу балдарымдын өнүгүшүнө колумдан келишинче аракет кылып жатам. Үйдөн сүрөт тартып, телевизордон пайдалуу нерселерди көрүп, китеп окуп жатышат. Үй-бүлөбүз менен сууга түшүрүп келүүдөбүз”.

Сезимай Сүйүнбекова 5-класстын окуучусу:

Сезимай Сүйүнбекова комуз чертүүдө

“Мен каникулда комуз чертип, китеп окуп, сүрөт тартып, апама жардамдашып, өзүмдү өнүктүрүп жатам”.

Салтанат Сүйүнбек кызы карантинде уул-кыздарын, кантин эс-алып, жаткандыгын айтты:

Салтанат Сүйүнбек кызынын балдары, эртең мененки көнүгүү жасоо учурунда

“Карантинге байланыштуу балдарымды лагерге жибере алган жокмун. Эшикке чыгарып, ойнотуп, эртең менен көнүгүүлөрдү жасатып, үйдө балдарды кармап, отура бербестен, тоого чыгарып, тонун таза абасы менен дем алдырып, ат мингизип, кымыз ичирип, келүүдөбүз.”

Жасмина Шадыбекова 3-класстын окуучусу: “Карантинге байланыштуу лагерге барбай калдым. Азыр каникулда айылдык китепканадан китеп алып, окуп жатам”.

Жасмина китепканадан китеп тандоодо


Наргиза Акылбек кызы жайкы эс алууда балдарын менен бассейнге, сууга түшүрүп, балдардырыбыз көңүлдөрүн ачууга аракет кылып жатканын билдирди.

Нурданел ата-энеси туугандары менен бассейнде

Сары-Булуң айыл аймагын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова:

Сары-Булуң айыл аймагын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова

“Учурдагы кырдаалга байланыштуу лагердик окуулар уюштурулган жок. Буга чейин мектепте лагердик окуулар уюштурулуп, балдар менен биргеликте куурчак театр, окуу жарыштары уюштурулуп келген. Мындан сырткары, айыл өкмөт тарабынан окуучулар үчүн облустук жайкы эс алуу лагерлер уюштурулуп келген”,-дейт Эрмекова.

 

 

 Назгүл Шадыбекова