"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тең укуктуу жашаган үй-бүлөлөр

23 Август 2020 жыл 0:06
Көрүүлөрдүн саны: 83

Ар бир адам бул жашоодо бактылуу болууга аракет кылып келет. Албетте, бактылуулук дегенде, алгач көпчүлүктүн көз алдына үй бүлөнүн ынтымагы, бакубаттыгы, жубайлардын жана жакын адамдардын бири-бирин колдоп, тушүнүүсү элестелет.

Жубайлар Мурат Касымов жана Күмүшкан Чотурова 26 жылдан бери бирге тутүн булатып келет. Алты баланы тарбиялап, эрезеге жеткирип келе жаткан түгөйлөр, Сары-Булуң айыл аймагынын кадырлуу тургундары. Үй-бүлөдөгү бактылуулук эң жөнөкөй нерселерде. Ал үчүн эң ириде үй-бүлөдө тең укуктуулук орун алыш керек деген Мурат мырза, кадимки турмуштук тажрыйбасы менен төмөндөгүчө ой бөлүштү.

Мурат Касымов чарбачылык жумушта

“Менин жолдошума үйлөнгөндөн бери эле колдоо көрсөтүп келатам. Иштеп келатат. 6 балалуу болдук. Алтоону тең эле карашып, түндөсү, кайра жумушка чыгып кеткенде өзүм карап эле. Үй-бүлө болгондон кийин баары бирдей”.

“Менин жолдошум жумушка кеткенде балдарды карап калат. Түшкү түштөндүрүүдө, тамак жасап, тамактарды берип коет. Уктатчысын уктатып, жумуштан кечигип калганда, мага айтпастан эле, баягы үй-жумуштар болот. Ошол жумуштарды жасап коет. Нанды салып, коюшат. Чайды кайнатат. Үй тиричиликтери жасалып, таза тыкан болуп калат”.

Үй-бүлөдөгү тең укуктуулук — баш кошкон адамдардын ортосундагы адилеттүү мамиле. Ага жетиш үчүн жубайлар бири-бирин адам катары сыйлап, аял-эркек деп бөлбөй, үй-бүлөдөгү бардык маселелерди бирге чечип жана бардык жоопкерчиликти бирге көтөрүшү керек. “Бул аялдын иши” же “бул эркектин иши” дебестен, баарын жасайбыз, деген ойлорун жубайлар билдиришти:
“Үй жумуштарын аялым жок до өзүм эле кылып коем. Кечке күтүп отуруп, чай кайнат, тамак жаса деп отура бербей. Анын баласы менин да балам. Андан эмнеге уялмак элем. Балдардын баарын эле чоңойттук. Апасы жумушка кеткенде кадимкидей багып, кийим кечесин которуп, чоңойттук. Эң кичүүм 2 жарым жашта. Апасы жумушка чыгып кетти. Беш айынан баштап бакпадымбы. Үйдө чарбачылык жумуштарына жетишпей калганда аялым деле жардам берет.

“Мен өзүм эртең менен эрте кетип, кечинде жумуштан келгенде, жолдошум үйлөрдү жыйнап коет. Балдарыма сабактарын окутат. Үйдө көп түйшүк болбогондуктан, мен өзүмдү бактылуу энемин деп сезем да”.

Адистер үй-бүлөдө чыр чатак, түшүнбөстүк көп болуп, үй-бүлөнүн ролу жылдан жылга пассивдүү болуп жатканын белгилешүүдө. Андыктан, кыргыз коомунда үй-бүлөдө тең укуктуу жашоону калыптандырууга маани берүү абзел.

 

 Анара Мааметова