"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда мугалимдердин кеңешмеси онлайн түрүндө өттү

27 Август 2020 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 71

2020-2021-окуу жылына карата “Санариптик билим берүү-өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы багыты” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин август кенешмеси онлайн форматта Zoom программасы аркылуу өткөрүлдү.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Кожошов билим берүү кызматкерлерин август кенешмесинин катышуучуларын куттуктап, быйыл август кенешмеси адаттагыдай эмес онлайн форматта өтүп жатканынын себебин белгилеп, 2019-2020-окуу жылында “2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында билим берүү тармагында бир катар алгылыктуу иштер аткарылгандыгына токтолуп өттү.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында райондун аким Айбек Кожошов ийгиликке жетишкен мугалимдерге, сыйлык тапшырды

Бардыгыңыздар эле жакшы билгендей жылда өткөрүлүп келген “Жылдын мыкты мугалими” конкурсу кырдаалга байланыштуу өткөрүлбөй калды. Ошондой болсо да Министрлик жаны форматта “санарип-педагогика” конкурсун уюштурду. Бул конкурска районубуздан 18 педагог катышып, 8 педагог видео сабактарын республикалык булуттук сактагычтарга жүктөгөнгө жетише алышты.

Жыйынтыгында, ийгиликтерге жетишкен алдыңкы мугалимдерге райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамоталары” жана райондук билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Мугалимдер үчүн онлайн окутуунун усулдары боюнча вебинарлар өтүүдө.

Анара Мааметова