"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородогу 3жаштан 5жашка чейинки балдар бөлмөсүнө жардам берилди

30 Август 2020 жыл 1:18
Көрүүлөрдүн саны: 54

3 жаштан 5 жашка чейинки бала бакчага барбаган балдардын борбордук китепкана базасынын, ачылышына көмөктөшүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары чакан белегин тапшырышты.

 

Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары райондук китепканага чакан белегин тапшырышты

Чынгыз Айтматов атындагы райондук борбордук китепканада 3жаштан 5жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүү борборуна демөөрчүлүк кылып, балдар бөлмөсүнө магниттүү маркердик доска тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Ханнс Зайдель фондунун стипендианты Азим Ясынов

Буга чейин Ханнс Зайдель уюму жана уюмдун Тогуз-Торо районундагы стипендианттары социалдык бейкамсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп келген.

Карантин балдардын кызыккан жумуштарын жасоого мүмкүнчүлүк жаратты
 Анара Мааметова