"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кадр маселесинде гендердик теңчилик сакталабы?

31 Август 2020 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны: 76

Мугалимдер, дарыгерлер, медайымдардын дээрлик 90 пайызы аялдар. Айыл өкмөттөрдө, акимиаттарда катардагы кызматкер катары аялдар көп иштешет. Алар кагазга так, жумушка жоопкерчиликтүү деп бааланат. Бирок жогорку кызматка дайындай келгенде, аялдардын акылы, дарамети көз жаздымда калат. Анын себеби, кыргыз коомчулугунда “Аялдын орду үйдө”, деген түшүнүктөр көбүрөөк сиңип калган.

Бул туурасында Тогуз-Торо районундагы Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Венера Эпеева билдирди:

Тогуз-Торо районундагы Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Венера Эпеева

“Көбүнчө аялдардын жогорку деңгээлдеги кызматтарга көтөрүлүшүнө, коомдо, мамлекетке 2-орунга коюп жатышат. Анткени, аял киши бул нерсени аткара албайт деген сыяктуу ойлор бар. Бирок, салыштыра келгенде аялдардын иштеп аткан иши, мырзалардан так аткарып аткан ишине караганда, жоопкерчиликтүү, өтө күчтүү, ишке болгон жоопкерчилиги өтө күчтүү деп эсептейм”.

Ал эми Сары-Булуң айыл аймагынын жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков кадр маселеси калыстык менен чечилет, конкурстан эркек же аял, кимиси өтсө, кызматка келет деп токтолду.

Сары-Булуң айыл аймагынын жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков

«Айыл өкмөтүндө бир гана өтүнүч, талаачылык жумуштары болуп калса анда эркек жолдош жумушка алынат. Эмгек стажына жараша болот. Кандай болгон шартта дагы ошол айыл өкмөтүнө кадр аларда бүт тарабынан карап туруп, анан жумушка кабыл алынат. Көйгөй маселеси, кадрдык боюнча каралып калса, комиссиянын негизинде каралат. Комиссияда кадрдын тандоодогу кесибине жараша жумушка алынат».

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамында бардыгына тең мүмкүнчүлүк берилет деп жазылган берене бар экени талашсыз.

“Аялдарды колдоо борборунун” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева бул беренеге токтолуп өттү.

“Аялдарды колдоо борборунун” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева

«Мыйзамдын ушул беренесин ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурс аркылуу жумушка келсе болот. Бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилет. Ушул конкурс аркылуу. Конкурстан өткөн адам, кызмат ордун ээлегенге акысы бар».

Аялдын ордун, эмгегин баалай билгенде тең салмактуу адилеттүү коом түзүлөт.

 

Тең укуктуу жашаган үй-бүлөлөр тууралуу окуңуз

Анара Мааметова