"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сүрөт баян: Бет кап менен башталган билим күнү

4 Сентябрь 2020 жыл 0:34
Көрүүлөрдүн саны: 101

Тогуз-Торо районунда быйылкы жаңы окуу жылында 1- класска 490 окуучу мектеп босогосун аттады. 1-сентябрь билим күнүндө биринчи класстарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бардык шарттар каралып, санитардык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынды.

Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин мугалимдери 1-класстын окуучуларын кабыл алууда

 

Макмал орто мектебинин мугалимдери окуучуларды тосуп алышты

 

Аделина Бейшеналиева мектептин босогосун биринчи аттады. Мектеп, 1-класс деген сөздөр чынга айланып, кубанычында чек жок.

М.Жаңыбаева орто мектебинин 1-классынын окуучусу Аделина Бейшеналиева

«Жаңы 1-класска кирдим. Бүгүн класска киргенде жыргадым. Анткени эжекем жакшы экен. Эжейибиз окуучулар менен тааныштырды. Мектептин ичине сейилдедик».

Адатта, 1-сентябрда мектептин алдына окуучулар менен чоң линейка менен өткөрүлчү.

Кырдаалга байланыштуу окуунун тартиптерин, эрежелерин ата-энелерге Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев  тааныштырды.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев ата-энелерге милдеттерин жана окуу тартибин  түшүндүрдү.

Окуучулар аралыкты сактоо менен окуу бөлмөлөрүнө жайгаштырылып, биринчи класстарга «Сүйүктүү Кыргызстаным» деген темаларда тарбиялык сааттар өтүлдү.

М.Жаңыбаева орто мектебинин 1-классынын мугалими Назила Анжанбекова

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев 1-класстын окуучуларын Билим күнү менен куттуктады.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев 1-класстын окуучуларын Билим күнү менен куттуктады.

Өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле райондо 2-11-класстар дистанттык формада билим алышат.

Акталаада 1-класстар мектепке кандай кабыл алынгандыгы тууралуу окуңуз.
Анара Мааметова