"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Онлайн окуу үчүн мектеп окуучусуна телефон белекке берилди

10 Сентябрь 2020 жыл 1:04
Көрүүлөрдүн саны: 66

Тогуз-Торо районунун А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде билим алып жаткан 8-класстын окуучусуна, Райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын демилгеси менен уюлдук телефон белекке берилди.

 

Тогуз-Торо райондук администрациясында райондун акими Айбек Кожошов А.Абдраимов орто мектебинин окуучусу Адилет Жусуев социалдык жактан жардамга муктаж болгондуктан, окууга шарт түзүп берүү иретинде SAMSUNG маркасындагы кол телефонду тапшырды.

Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы социалдык коргоо маселелери боюнча башкы адиси Токтобубу Карагулова маалымдады.

Ал эми уюлдук телефонду райондун акими Айбек Кожошов Карыбекович тапшырган.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча 1-класстын окуучуларына гана мектепке барып билим алууга уруксат берилген. Ал эми коомчулукта бардык окуучуларды мектепте окутуу өтүнүчү күч алууда.

 

Жазгүл Машаева