"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№2087 Кара-Суу шайлоо участкасы шайлоого даяр

21 Сентябрь 2020 жыл 23:49
Көрүүлөрдүн саны: 53

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылында жайгашкан №2087 Кара-Суу шайлоо участкасынын төрайымы Анара Мааметова төмөнкүлөрдү билдирди: “Бүгүнкү күндө биздин шайлоо участкада нөөмөт жадыбалы түзүлүп комиссия мүчөлөрү иштеп жатышат.


Быйылкы жылдагы шайлоо кырдаалга байланыштуу аралыкты сактоо, бет кап, кол тазалоочу каражат (антисептик) менен өткөрүлмөкчү. Шайлоочулар, шайлоо участкасына келип өзүлөрүн тизмеден такташты. Шайлоо даректерин өзгөртүү, кандайдыр бир каталар же так эместиктер, болгон учурда арыз менен кайрылышты. 14шайлоочунун арыздары райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилди”- дейт Анара Мааметова

№2087 Кара-Суу шайлоо участкасынын төрайымы Анара Мааметова

Өзүн шайлоочулар тизмесинен тактаганы келген айыл тургуну Алиса Тобокелова төмөнкүлөрдү билдирди:

“Мен шайлоо участкасына өзүмдү тизмеден тактоо үчүн келгем. Бирок, тизмеде жок болгондугума байланышту №1 форма менен арыз толтуруудамын”, -деди А.Тобокелова.

Шайлоочулар тизмесинде жок болгондугуна байланыштуу, арыз менен кайрылууда

 

Жергиликтүү тургундар шайлоочулар тизмесинен өзүлөрүн тактоодо

Тогуз-Торо районундагы тиешелүү бийлик өкүлдөрү шайлоо участогуна келип шайлоо өткөрүүгө карата даярдыктарын жеринен көрүп кетишти.

Шайлоо өткөрүлүүчү жай

Тогуз-Торо району боюнча 15-шайлоо участкасы бар.

Сурамжылоо: Шайлоого кандай даярдыкта барасыз?
Нуриза Рыскулова