"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элеттеги онлайн окутуунун деңгээли кандай болууда?

24 Сентябрь 2020 жыл 0:14
Көрүүлөрдүн саны: 50

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылындагы №7.Т.Сатыбалдиев орто мектебиндеги онлайн окутуунун деңгээли кандай болууда? Окуучуларга берилип жаткан билим жеткиликтүүбү? Интернет көйгөйлөру жокпу?

Бул тууралуу аталган мектептин директору Миргүл Какаева төмөнкүлөрдү билдирди:

Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Миргүл Какаева

 

“Т.Сатыбалдиев жалпы билим берүүчү орто мектебинде 2020-2021 окуу жылы онлайн тартипте башталды. Бул окуу жылын жалпы 194 окуучу менен баштадык. Онлайн окутууда окуучулар ар бир класс жетекчи тарабынан «ватсап, телеграм жана зуум» программаларына кошуп, түзүлгөн ийкемдүү жүгүртмөнүн негизинде окуу процесси жүргүзүлүп жатат.

Окуучулар телефон, телевизор менен ата-энелер тарабынан камсыз болушкан. Бүгүнкү күндө окуучуларыбыздан эки окуучунун уюлдук телефону жок болуп жатат, бирок чон ата, чон апаларынын телефондору менен сабактарга катышып жатышат. Ал эми интернеттин иштөө ылдамдыгы, төмөн болуп жатат. Мисалга алсак «О!»нун иштөө ылламдыгы жай, ал эми биздин айылдын басымдуу бөлүгү «ошка» пайдалангандыктан сабактарды өтүүдө көйгөйлөр жаралууда»-дейт М.Какаева

2-классынын окуучусу Айбийке Токтокыдырова

Ошондой эле 2-классынын окуучусу Айбийке Токтокыдыровага «онлайн сабак жактыбы?» деп суроо узатканыбызда: «Мага онлайн окуу жаккан жок. Мен досторумду сагындым, эжекемдин өткөн сабактарын сагындым, мен мектепке барып окугум келет», -деген жообун берди.

Ата-эне Жанара Назаралиева

Ал эми эки баласын онлайн окутуп жаткан Жанара Назаралиева аралыктан окутуунун канчалык деңгээлде жеткиликтүү болуп жаткандыгын төмөндө айтып өттү: «Онлайн окуу азыркы кырдаалга байланыштуу жакшы эле, бирок мындан балдарым жеткиликтүү билим ала алышкан жок, мисалы, ооз эки сабактардан гана окуп түшүнүп жатышат. Ал эми, математика сыяктуу сабактардан толук түшүнө алышкан жок», -деп билдирди Ж.Назаралиева.

Аралыктан окутуу бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда
 

Нуриза Рыскулова