"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пандемияда ыктыярчынын аракети

26 Сентябрь 2020 жыл 0:16
Көрүүлөрдүн саны: 74

Коронавирус илдетинен улам, дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстанда июль айларында курчуду. Дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду. Ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толуп, жакындарын жаткырганга жай таппай калгандар көп болду. Бул учурда ыктыярчылардын жардамга кол сунган аракети өлкөнү оор абалдан сууруп чыгарууга түрткү болду.


«Ар кандай окуялар көп болду. Себеби дегенде канчалаган адамдарды жоготтук. Канчалаган адамдар өлүм алдында жатты. Элибиздин кыйналганын көрүп туруп, кантип отурабыз. Элимдин жакшы жакка умтулуусу үчүн ар дайым аракет кылып келем».

Медина Эркинбекова бул апааттуу учурда адамдардын өмүрүн сактоого умтулган ыктыярчылардын катарын толуктаган. Ошол учурда дем алдыруучу жабдыктардын таңкыстыгы, дары-дармектердин жетишсиздиги курч болгон. Бул учурда Тогуз-Торо жаштары биримдикте аракет кылышкан.

Сүрөттө: Медина Эркинбекова жана райондук оорукананын медайымдары

“Мен дагы Тогуз-Торо жаштар биримдигинин мүчөсү болом. Бул биримдиктин дагы коомдук уюмдан 3 дем алдыруучу подушка жана акчага 15-20миң сомдун тегерегиндеги табылгыс дары болгон гепарин алып, бекер таратылды. Райондун 1998-жылы туулган жаштарыбыз, жаштар ынтымагы тарабынан 40миң сом өлчөмүндө акча берилди”.
Мындан сырткары ыктыярчылар, түшкү тамактарын даярдап, күзөттө турган медайымдарга, милиция кызматкерлерине колдоо көрсөткөндөрүн кошумчалады:
“Кезеги менен жаштар түшкү тамагын жасап, жардам берип жаттык”.
Медина коронавирус илдети күч алган учурду эстеп, элдин эрежелерди сактабай, кайдыгер мамиле кылган учурларына токтолду.
“Майда акча болсо дагы чогултуп, өзүбүздүн эле Москвадагы жердештирибиз демөөрчү болушту. Кыйынчылыктар деле болуп жатты.Мисалы: Кээ бирлери туура кабыл алып, беткаптарды, колкаптарды кийип жүрүшсө, кээ бир адамдар оору жок деп, терс маанайларын көргөзүп, ишенбестиктер болду.Коомчулукта ар кандай болот экен.Качан гана бул оору бизге дагы жеткенде, ошондо ойлонушту.”
Эл үчүн эмгектенген Медина сыяктуу жаштар көп экени коомдун келечегине чоң үмүт берет.

Ыктыярчы: Өз коопсуздугум тууралуу ойлонгон жокмун
Анара Мааметова