"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№2087 Кара-Суу шайлоо участкасында шайлоо кандай өткөрүлүп жатат?

4 Октябрь 2020 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны: 59

Шайлоочуларды кабыл алуу учуру

Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылындагы “ №2087 Кара-Суу” шайлоо участогунда шайлоо кандай деңгээлде өтүп жатат?

Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын төрайымы Анара Мааметова билдирди:

“Бүгүнкү добуш берүүдө эч кандай көйгөйлөр байкалган жок, санитардык эрежелер сакталып, добуштарын берип кетип жатышат. Саат сайын эмеректер, бөлмөнүн ичи дезинфекцияланып жатат. Эч кандай мүчүлүштүктөр, техникалык көйгөйлөр жаралган жок, Добуш берүү мүмкүндүгү саат 8:00 де берилип баштады,”-дейт комиссия төрайымы А.Мааметова.

Ал эми атуулдук милдетин аткарып добуш берүү үчүн келген айыл тургуну Кумарбек Идирисов шайлоо өз тартибинде, таза өткөрүлүп жатат деген ою менен бөлүштү:

“Бүгүнкү шайлоо менин көз карашым боюнча таза, тартиптер сакталып өтүп жатат деп эсептейм. Бул шайлоо Кыргызстан үчүн чон деңгээлде турат, менин тилегим, мекенибиздин, республикабыздын, элибиздин келечегин ойлогон татыктуу адамдар келсе деп ойлойм”,-деп билдирди К.Идирисов.

Ошондой эле, өз добушун берүү үчүн келген айыл тургуну Алина Үмөтбекова шайлоо тууралуу төмөндөгүдөй оюу менен бөлүштү: “Мен ушул биздин мамлекетибиздеги ар бир жарандын атуулдук парзы болгон добуш берүүгө өзүмдүн салымымды кошуу үчүн келдим. Шайлоого келген жарандардын маанайлары жакшы, добуш берүүдө эч кандай кыйынчылык жаралган жок, баардыгы ойдогудай болуп жатат деген ойдомун. Бардык партияларга ийгилик, ал эми мамлекетибизге жетишкендик каалайм”,-деген сөзү менен аяктады А.Үмөтбекова.


Ал эми шайлоодо “Биримдик” партиясынан байкоочу кызматы менен келген Эмил Жумабаев эч кандай мыйзам бузууларды байкабагандыгын билдирди:

“Буйруса бул шайлоо өз нугунда өтуп жатат, баардыгы мыйзам чегинде, мыйзам бузуулар болгон жок. Бул шайлоо тынч, жакшы өтөт деген ишеничтемин”,-дейт байкоочу Э.Жумабаев.

Шайлоочулардын дене табын текшерүү учуру

Нуриза Рыскулова