"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пандемия учурунда айыл аймакта өзгөрүүлөр болдубу?

6 Октябрь 2020 жыл 23:39
Көрүүлөрдүн саны: 83

Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында бул жылы аткарылып жаткан иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берди. маалыматка ылайык, көпүрөлөр калыбына келтирилип, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган.

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амангелди Токтоналиев

  • Сары-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа участкасындагы каналды калыбына келтирүү үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында “Иш үчүн азык-түлүк” программасынын алкагында Кара-Талаа каналы калыбына келтирилип,650 га сугат, 60 га кайрак жер жалпы 710га жерге суу чыгарылды.

 

  • Кара-Суу айылынын аз камсыз болгон 20 үй-бүлө катышып, ун май менен камсыз болушту.Ошонун натыйжасында өткөн жылы биринчи чабык чабалып, экинчи чабык болбой калган.Быйылкы жылы толук кандуу чөп чабылды.

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу чөптөр чабылуу учуру

  • Сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу аракетинде АРИС программасы долбоорунун алкагында 8тонна арпа үрөөн алынып, 40гектар жерге айдалган.

Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков

Мурунку жылдары Сары-Булуң аймагында үрөөндөр эскирип келген.

  • Быйылкы жылы “Вакула” деген арпанын сорттору алынып келинип, Кара-Талаа участкасына кайрак жерге септирилди.Быйылкы жылы 30-35%га түшүмдүүлүгүн берди.

Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү Кара-Суу айылынын көпүрөсүн кыян жүрүп, айыл каптаган учурлар кездешкен.

  • Айыл өкмөтү тарабынан сел алып кеткен көпүрөнү, кайрадан жаңы көпүрө салынып жатат.

Сел алып кеткен көпүрө, кайрадан жаңы көпүрө салуу иштери жүрүп жатат

  • Кара-Суу айылынын жолу тегизделип, кара шагыл төгүлүп, асфальталып жатат.

Кара-Суу айылынын А.Кыдыршаев көчөлөрүнө кара шагыл төгүлүп, асфальттоо иштери жүрүп жатат

 

  • Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигин үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен 1200 км жер асфальтоо алдында иштери жүргүзүлүп жатат.
  • Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебине спорт залы жаңы курулуп жатат.

Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебине спорт залы жаңы курулуп жатат

Ат-Башы: Ак-муз айылында техникалык кызмат көрсөтүүчү ишкана ачылды
 

Анара Мааметова