"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элеттик ишкер Минавардын аракети

16 Октябрь 2020 жыл 23:31
Көрүүлөрдүн саны: 85

53 жаштагы Минавар Алахунова 4 жылдан бери мөмө жемиштерди кургатып, чакан ишкерлик менен алектенип келет. Анын бул аракети Казарман элин кышы — жайы дебей, кургатылган жемиштер менен азыктанууга шарт түзгөн.
«Алма, өрүк кургаттык. Жашылча жемиштер менен кетебиз. Кургатканга шартым бар. Күкүм түрүнө келтирүүгө дагы шартым бар. Бүгүнкү күнгө чейин өтө оор болду. Бирок, кызыкканым кара өрүк ден-соолукка пайдалуу экен. Ушинтип, как менен алышып коюп отурабыз».

Минавар айым жашылча жемиштерди кургатып, даярдап жатат

Минавар айым, күздүн берекесин колдон учурбай, убакытка сарамжал болуп, берилүү менен иштеп жаткан учуру. Жашылча жемиштерди кургатып, райондун элин витаминдүү азыктар менен камсыз кылуу ишкер айымдын күн сайын алдыга койгон максаты.

Кургатылган жемиштерди даярдап, Бишкек шаарына көргөзмөгө катышып келген

«Биз азыр айылда таанымалбыз. Казармандын ичинде эмес, сырт жактагы айылдар дагы баягы Минавар эже, Чолпонбек байкелер алма кургатып берет эле деп телефон чалышат. Кайсы күнү келели деп күнүн болжоп тез-тезден келип турушат».

Ар бир иштин артында эл билбеген ар кыл түйшүк тураары белгилүү. Ишкер айым борбордон алыс жайгашкан чакан бизнесинде да бир топ күңгөй -тескей бар экенин баса белгилеп өттү.
Алма биз жактан кеч бышат.Нарын, Жалал-Абад,Бишкектен келет. Кымбатка турат. Мисалы 1кг алмадан 60грамм как чыгат. Биринчи жылдары банкрот болуп жаттык.

Минавар айым, чакан ишкерликти ийгиликтүү алып кетсем деген аракети менен керектүү жабдыктарга да ээ болгон. БУУнун Азык-түлүк программасынын каржылоосу жана айыл өкмөт, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын биргелешкен долбоору менен как кургатуучу жабдыкты учурда иштетип жаткан чагы.

«Эми биз кургатылган алмаларды күкүм түрүндө (порошок) чыгарып, ошону ишке ашырсакбы деп жатабыз. Компот түрүндө эмес, күкүм түрүндө. Мисал үчүн туристерге арнап же болбосо балдар үчүн азык катары чыгарууну пландап жатабыз».

Даярдаган: Анара Мааметова