Жаратылыш шарты катаал Казарманда Кенже Султанбаева жаш жеткинчектер үчүн чет тилин үйрөнүүгө өзгөчө шарттарды түзүп келет.
Кенже айым эки жылдан бери Тогуз-Торо жергесине жаш жеткинчектер үчүн жайкы лагерлерди өткөрүп келет. Глобалдашуу заманында өсүп келе жаткан жаш муунга анын ичинде аймактагы жаштардын билимин жогорулатууну максат кылган Кенже айым Жапония, Америка, Индия өлкөлөрүндө тренингдерге катышып, тажрыйба топтоп келген.
Американын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен бирдикте интенсивдүү Тогуз-Торонун бардык окуучуларына конкурстук негизде кызыккандардын бардыгына оратордук жана коомдо өзүн алып жүрүү командада иштей билүү, өзүнүн талантын ача билүү сыяктуу ушундай окууларды уюштуруп келген.
Кенже айым, Тогуз-Торо районунун окуучулары үчүн “Өз тилиңди сыйлай бил, башка тилде сүйлөй бил” долбоорун алып келген. Окуучулардын терең билим алууга шыктандыруу максатында, жеңүүчүлөрү КТРК каналынан көрсөтүлгөн.
Ошол эле долбоордун алкагында Германия менен Кыргызстандагы балдардын өнүгүүлөрүн, салыштыруу максатында 2012-жылы кайрадан Германияга барып, университетте эмгектенип келген.
Кенже Султанбаева билим аркылуу гана ийгиликке жете алганын баалап, мектеп окуучуларына да шарттарды түзгөнгө аракет кылып келет.
Мектепте абдан ар бир сабакты тамырына жетип, түпкүрүнө чейин казып окуп, мугалим эжейлердин айткандарын аткара берип, жоопкерчиликке кандайдыр бир, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкан, мектебиздин президенти болуп, окуу министри болуп келгенин баса белгилеп өттү.
Анара Мааметова