"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Дарыгер: Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт, бирок сасык тумоо оорусунан сактайт.

29 Октябрь 2020 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны: 48

Сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук вирустук оорулар күз-кыш мезгилинде көбөйө баштайт, башкача айтканда бул оорулардын сезону болуп саналат. Бул оору менен көбүнесе иммунитети төмөн, өнөкөт оору менен ооруган адамдар, жаш балдар жана улгайган адамдар жабыркашат. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова маалымат берди.

Сасык тумоо оорусу менен ооруп калса жана өз убагында дарыланбаса көп учурда оор түрүнө өтүп кетет дагы тамак (тонзиллит), кулак (отит), өпкө (бронхит, пневмония) ооруларынын кабылдоосуна алып келет. Ошол себептен сасык тумоо оорусуна каршы Республика боюнча күз мезгилинде жылда Гриппол вакцинасы менен эмдөөлөр жүргүзүлүп турат.

Райондогу медициналык мекемелерге Гриппол вакцинасы таратылып берилди

Учурда райондо 1800 доза «Гриппол» вакцина менен камсыздалып, бардык медициналык мекемелерине таратылып берилген. Бүгүнкү күнгө жалпы эмделгендердин саны 1220 адам, же 67 % түзүүдө. 2019-жылы 1000 доза вакцина менен камсыздалып 100% эмделген.

Кимдер эмдөө ала алат…
Жаш балдар 5 жашка чейин, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери,улгайган адамдар алса болот. Эмдөө ала тургандар жашаган жери боюнча үй бүлөөлүк дарыгерине кайрылса болот.

Гриппол вакцинасы— Россия мамлекетинен чыккан. Вакцина алгандан кийин реакциялар катталган эмес. Азыркы учурда вакцина жөнүндө туура эмес маалыматтар айтылууда, алардын баары туура эмес.Бул эмдөө жыл сайын эле жүргүзүлүп келет.

Тогуз-Торо районунундагы, санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова

«Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт, бирок сасык тумоо оорусунан сактайт. Ооруп калса дагы женил түрүндө өтөт, кабылдоолор болбойт. Эмдөөнү ооруп жаткан учурда алганга болбойт, ошондуктан ооруганга чейин алсаныздар болот».

 

Анара Мааметова