"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Учурда аймактагы балдардын саламаттыгы кандай?

2 Ноябрь 2020 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 62

 Учурда айылдагы 5 жаштан жогорку балдар эмдөөдөн өтүп жатышат. Бүгүнкү күндө Тогуз- Торо районунун Кара-Суу айылындагы балдардын абалы туурасында үй-бүлөлүк дарыгерлер маалымат беришти.

Бул тууралуу үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Жазгүл Мейманова билдирди:

«Азыркы учурда балдар арасында covid-19 илдети менен жабыркаган жок. Балдардын саламаттыгы жакшы. 5 жаштан жогорку жаштагы тургундар үчүн Гриппол вакцинасы менен эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Сасык тумоо, вирустук оорулар күз-кыш мезгилинде көбөйө баштайт. Ошол себептен, ар бир үйлөрдү кыдырып, балдардын саламаттыгын карап, маалымат берели деп пландап, жатабыз. Учурдан пайдаланып, ата-энелерге айта кетчү нерсе биринчи ирет санитардык эрежелерди туура сактап, балдарды көп топтолгон жерлерге алып барбай, балдарды оорутпаганга аракет жасоо керек».

Класста окуучулар аралыкты аралыкты сактап, алгоритм негизде жайгашып, окуп жатышат.

Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 1-классынын класс жетекчиси Жанаркүл Келгенбаева окуучуларга мектептен санитардык эрежелерди үйрөтүп, түшүндүрүп келгенин айтып өттү:

Балдар аралыкты сактап, колдорун жууп, антисептик каражатын колдонгонго мүмкүнчүлүк бар

«Биздин мектепте санитардык эрежелер сакталган. Эшиктен киргенде колдорун жууп, антисептик каражатын колдонушат. Класста окуучулар аралыкты аралыкты сактап, алгоритм негизде жайгашып, окуп жатышат. Кээде балдар бет каптарын үйгө унутуп калган учурда мектептен жаңы беткап берген учурлар кездешип калат».

Балдар түштөнүү учуранда дагы аралыкты сактап отурушат

Дарыгер: Гриппол вакцинасы коронавирустан сактай албайт, бирок сасык тумоо оорусунан сактайт.
Анара Мааметова