"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Бала бакчадагы балдардын катышуусу кандай?

2 Ноябрь 2020 жыл 22:58
Көрүүлөрдүн саны: 67

Бүгүнкү күндө Сары-Булуң айыл аймагына караштуу “Седеп” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын онлайн катышуусу канааттандырарлык болуп жатат. Бул тууралуу аталган бакчанын жетекчиси Гүлнур Кожомбердиева айтууда.

Бала бакчанын жетекчиси Гулнур Кожомбердиева

«Кара-Суу айылына караштуу «Седеп» мектепке чейинки уюмунда 60 бала тарбияланууда. Өлкөдө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын март айынан баштап, аралыктан окутуу сабагы болуп жатат.

Балдар бакчада 60 бала тарбияланат

Планда бекитилген сабактардын бардыгын тарбиячылар онлайн түрүндө, видео сабактарды балдарга үзгүлтүксүз жиберилип, кайра кайтарым байланыш кылып үйрөтүп жатышат.

Аралыктан окутуу учурунда балдарга видео сабактар жиберилип жатты

“Берекелүү Алтын күз” сабагына, балдар бардыгы тең активдүү катышышты»,-дейт бала-бакчанын жетекчиси.

Алтын күз майрамына балдар онлайн түрүндө катышышты

Жалпысынан, “Седеп” балдар бакчасында 15 жумушчу эмгектенет. Кырдаалга жараша тарбиячылар, бакчага график  менен иштеп жатышат. Наристе, орто, кенже тайпа бар.

Куу-Майдан: Онлайн окутууда бала бакчадагы балдардын катышуусу начар
Нуриза Рыскулова