"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аялдардын саясий иштерге катышуу мотивациясын жогорулатуу максатында онлайн окутуу болду

14 Ноябрь 2020 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны: 56

 Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форуму райондогу активист айымдар үчүн «Саясий процесстердеги аялдардын ролу» деген темада онлайн семинар болуп өттү.


Окуунун башталышында Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форумунун төрайымы Нургул Джанаева катышуучулар менен таанышып, андан соң куттуктады.

Айымдар онлайн семинарга катышып жатат

Семинарда аялдардын укуктары, гендердик маселелер, саясий процесстерде аялдарды ролу, айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30% квота резервдөө боюнча маалыматтар берилди. Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар топторго бөлүнүп, “Мен депутат болгондо эмне кылам” деген темада ойлорун бөлүшүп, талкуулашты.

Активист Чолпонай Жеңишова онлайн түрүндө катышуучуларды куттуктап жатат

Негизги депутаттын милдети, элдин көйгөйүн чечүү, айыл өкмөт менен элдин ортосундагы негизги көпүрө. Ал үчүн депутат өзүнүн билим деңгээлин жогорулатып, шайлоого аттануусу зарыл деген оюн Сары-Булуң айыл аймагынан келген активист айым Венера Эпеева бөлүштү.

 

Сары-Булуң айыл аймагынан келген активист айым Венера Эпеева

Ал эми Венера айым депутат болуп калса, кандай кадамдарга барарын төмөнкүчө билдирди:

“Мен депутаттыкка барардан мурун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын милдеттерин, функцияларын, айыл өкмөттүн уставын изилдеп чыкмакмын. Айылдын ичиндеги көйгөйлөр кайсылар, бюджеттин эсебинен эмнени жасай алам, демөөрчү табуу, долбоорлорго катышуу менен эмнелерди жасай алам деген максатта, коомдук уюмдар, социалдык жетекчилери менен көйгөйлөрдү аныктап, программа иштеп, чыкмакмын. Ушулардын баарын иштеп чыгып, өкмөттүн бюджетине жараша аткарганга аракет кылат элек”.

Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форумунун аткаруучу директору Бермет Стакеева айымдарга онлайн семинар өтүп жатат

Атай айылдык кеңешинин депутаты Кардыгач Манапбаева аялдар депутаттыкка барганга эң биринчи тоскоолдук стереотиптик көз караштар, бут тосуулар кездешет. Мындан сырткары, саясат жолундагы тоскоолдуктары туурасында ой бөлүштү.

“Эркек депутаттар көбүнчө айыл чарбасына басым жасашат. Социалдык маселелерди экинчи орунга коюп келишет. Бюджетти бөлүштүрүүдө, эркек депутаттар менен тартышып, мектептерге, аз камсыз үй-булөлөргө аракет кылып келебиз. Аял депутаттардын келбей калышы, социалдык маселелердин артка тартылышына себеп болот”.

Каргалык айылдык кеңештин депутаты Каныш Мамырова онлайн тренинг тууралуу оюн билдирип кетти:
“Аялдардын көбү өзүбүздүн укугубузду, билбей келебиз. Ушундай окуулар бизге аябай керек. Аялдардын арасында оратор, лидердик жөндөмү бар жаш айымдар көп эле, бирок биздин райондо саясатта жок эсе. Менин жаш айымдарга кааларым, убакыттан уттурбагыла, коомго колдон келген салым кошуу керек”.

Жыйынтыгында катышуучуларга “Эмне үчүн айылдык депутат болгум келет”-деген темада 2мүнөттүк видео даярдап келүү тапшырмасы берилди.

Жалпысынан онлайн семинарга 35 айым катышты.

Айылдагы аялдардын саясатка аракети
Анара Мааметова