Бүгүн Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жаштары тарабынан демилгеленип, ишке ашкан пенсионер Уулкан Ашыралиева апага эки бөлмөлүү турак жай курулуп, пайдаланууга берилди.
Аталган жаштар кеңешинин төрагасы Акназар Тилемамбетовдун айтымына караганда, айыл жаштары жалгыз бой энеге там салып берүүнү демилгелешип, 6-сентябрда курулуш иштерин башталган.
“Уулкан Ашыралиева жалгыз бой эне, мурда жолдошу каза болгон. Былтыр баласы да каза болуп калган. Өзүнүн эски үйүнүн жанына эки чоң бөлмө там салып, бүгүн лентасы кесилди. Бардык жакындан жардам кылган агаларга, инилерге жана досторго терең ыраачылык билдирем”,-дейт Акназар Тилемамбетов.
Демилгечи жаштар Нурбек Шайкидинов, Акназар Тилемамбетов, Төлөгөн Бейшенкадыр уулу, Махмудали Эсенкановдорго стимул берүү максатында Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешинин «Ыраазычылык каты», «Ардак грамота» тапшырылды.
Он жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй куруп беришти
Анара Мааметова