"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

83 жаштагы эмгекти сүйгөн дыйкан

15 Ноябрь 2020 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны: 77

83 жаштагы Сартбай ата өзүнүн чарбасындагы 10 сотых жерге төрт жылдан бери кулпунай өстүрүп келет. Андан сырткары помидор, бадыраң, капуста, картошка сыяктуу жашылча көчөттөрүн өстүрөт. Ишиңдин канчалык ийгиликтүү экендиги көбүн эсе эмгекчилдигинден жана күжүрмөн аракеттинден көз каранды болот.

Бирок, көп жылдык кажыбас эмгек жана аракет берекетке жеткирери шексиз деген каарманыбыз бул эмгектин үзүрү байбичеси экөөбүздүн эмгегибиз деп билет. Байбичеси Турдалиева Ырысбү экөө сегиз баланы татыктуу тарбиялашкан.

Кулпунай талаасы

Кулпунайдын жакшы түшүм берүүсү бакча ээсинин аларды жакшы кароосунан көз каранды. «Эр эмгегин жер жебейт»-дегендей мыкты иштесең жерге жакшы мамиле жасасаң, жашылча бакчасын кылдаттык менен пландаштырып отургузсан, берекелүү түшүм аласың.

Сартбай атанын жашылча талаасы

Сартбай атанын жашылча бакчасын көргөнү барганда кулпунайдын ирети менен айдалганы, отоо чөптөрүн жоктугу дыйкандын мыкты аракетинен кабар берди. Жер семирткичтерди сээп, убагында сугарып, түптөп, чөптөрүн отоодо байбичеси, уул, келиндери жардам берерин, кулпунайды үч күндө бир терилерин айтты.

 

Жазгүл Машаева