Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан милиция кызматкерлери Ардак грамота жана акчалай сыйланышты. Тогуз-Торо райондук администрациясынын башчысы Айбек Кожошов мыкты ийгиликтүү эмгектенген кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылды.
«Элдин бейпилдиги, калктын коопсуздугу баарынан алдыда болушу керек» деген тартипте иштегендер- милиция кызматкерлери. Ар иште өз кызыкчылыгыңды эмес, бүтүндөй калктын коопсуздугун көздөө маанилүү деп билишет.
Райондук ички иштер бөлүмү үстүбүздөгү жыл ичинде райондун аймагындагы кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин негизинде райондун аймагындагы жалпы оперативдик менен коомдук-саясий кырдаалдарды стабилдештирүүгө багытталган иш-пландар боюнча кылмыштуулуктун бир канча түрлөрүн кыскартууга жетишкен. Ошондон эле пандемия учурунда тартип сакчылары күн-түн дебей иш алпарышты. Мындай аракеттеринин акыбети бааланып, сыйлыкка ээ болушту.
«Кыргыз милициясынын 96 жыл аралыгында басып өткөн тарыхына кылчайып карап көрсөк, күрөштөргө жана жеңиштерге жык толгонун көрөбүз. Бул мезгил ичинде Кыргыз милициясы эмне деген гана каардуу сыноолордон өткөн жок. Биздин кесип жана милдет ушундай экен өлкөбүздө болуп жаткан ар бир окуя биздин кызматкерлердин катышуусусуз өтпөй, ар бирибизден кайраттуулук, бекемдик, айрым учурларда чечкиндүүлүк жана тобокелчиликти талап кылат. Биз элдик милициябыз, биз күнү-түнү, кыйынчылыкка карабай элдин кызматындабыз”,- дейт Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Талант Сабырканов.
Пандемияда «Макмал Голд Компани» тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү
Жазгүл Машаева