Гендердик серепчи Авазкан Ормонова элеттик айымдардын ишкерлиги колдоого алынып, аларга бизнести туура түзүү боюнча кеңеш берүүчү уюмдар иш алып барышы керектигин белгиледи.
Толугураак аудио сюжеттен угуңуз.
Негизинен айыл жергесинеде бош жүргөн же кызматы жок же билим алып, бирок бала менен үйдө отурган, балким миграцияга барып келген адамдардын бизнес идеялары так туура иштелип чыккан эмес. Алар өзүнүн бизнесине толук кандуу анализ жасабайт. Аны бизнес катары да эсептебейт, болгону өзүн иш менен камсыз кылып, күнүмдүк тиричилигине чыкканын гана эсептеп калат.Бул туралуу Авазкан Ормонова «Гендердик теңчилик» уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, элеттик айымдардын бизнесин өнүктүрүү үчүн көп кеңеш берүүчү уюмдар иштеши керек. Алардын бизнес идеясы бир сыйра аныкталышы керек. Бул жерде абдан көп маселе болот. Базарда эмне деген продукция жетпей жатканын аныктап, жок продукцияны же кызматты таап чыгышы керек.
Авазкан Ормонова өндүрүлгөн продукциянын өтүмдүүлүгү айылда же шаарда жашагандан көз-каранды болбошу керектигин кошумчалады. Гендердик серепчи, бул нерсе рыноктогу жок болуп жаткан продукция же кызматты таап, кардарга сунуштаганда пайда болоорун кошумчалады.
Элеттик айымдардын ѳнүгүүсү үчүн окутуулар керек
Анара Мааметова