Тогуз- Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин мугалимдер арасындагы “Күз берекеси” аттуу фотоконкурс уюштурулуп, инстаграм баракчасы аркылуу жыйынтыгы чыгарылды.
Толугураак бул видеодон көрүңүз
Бул туурасында аталган мектептин тарбия завучу Аида Сатыбалдиевадан сураганабызда төмөнкүлөрдү айтты.
Атайын өзүм демилге көтөрүп, “Күз берекеси” аттуу фотоконкурс уюштурууну максат кылып, мугалимдерге сунуштадым. Алар, каршы болушкан жок, макул болушту. Анда, күз берекесин кандай түшүнсөңөр фантазияңар менен сүрөт чыгаргыла деп тапшырма бердим.
Анан, мага сүрөттөрүн кетиришти. Сүрөттөрдү форматтап, өзүбүздүн инстаграмдагы “Макмал” баракчасына жайгаштырылды. Инстаграмда добуш берүү башталып, 3күн убакыт бердик. Жаш кары дебей 15 мугалим катышты. Добуш бергендер көп болду. Чет жердеги жердештерибиз, өздөрүнүн туугандары добуш берип жатышты.
«3күндөн кийин медиа командасы отуруп, блокко салып эсептеп чыгып, жыйынтыгы чыгарылды. Биздин мугалимдер арасындагы жеңүүчүлөр деп баракчабызга жайгаштырдык. Жеңүүчүлөргө мектеп администрациясы тарабынан грамота жана сыйлыктар тапшырылды»,- дейт Сатыбалдиева.
Акталаада жаш мугалимдер кеңеши түзүлдү
Анара Мааметова