"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элеттик айымдарды ар тараптан колдоо керек

23 Ноябрь 2020 жыл 16:31
Көрүүлөрдүн саны: 79

Тогуз-Торо районунда айымдарды өнүктүрүүгө багытталган борборлор барбы?Же болбосо элеттеги айымдар үй тиричилиги менен гана элекпи? Алар өзүн – өзү өнүктүрүүгө, саламаттыгына кам көрүүгө, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө айыл жергесинде кандай борборлор ачылышы керек?

 

Айымдардын түгөнбөгөн түйшүгү арбын. Өзгөчө элет жеринде. Активист айым Анара Калмурза кызы айылдагы айымдардын саламаттыгына, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүсүнө, тиричилигин жеңилдетүүгө, өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган борборлор болсо деп ниет кылат

Активист айым Анара Калмурза кызы

Анара Калмырза кызы: “Жаркын жашоого алып келүү үчүн психологиялык жактан семинарлар болсо дейм.Өзүбүзгө көңүл деле бурбайбыз чындыгында.Айымга энергия, мотивация болуш үчүн курстар болсо деп ойлойм”.

Аймактарда жергиликтүү айымдар жамаатташып, долбоорлорго катышып, чакан долбоорлорду ишке ашырган жамааттык топтор бар. Мындай пикирин “Тилектеш Эл” коомдук бирикмесинин жетекчиси Анарбек Санжыбаев билдирип, аймактарда жергиликтүү айымдарга моралдык дагы, материалдык дагы колдоо зарылчылыгы бар экендигине токтолду.

“Тилектеш Эл” коомдук бирикмесинин жетекчиси Анарбек Санжыбаев

“Чакан долбоорлорду ишке ашырган эжекелер бар.Мындан ары өнүктүрүү максатында, долбоор жазганда оздүк салым деген жери бар эмесби.Ошондон аксап жатышат.Менин оюмча, жергиликтүү бийликтен болобу, жергиликтүү өнүктүү фондунан болобу оздүк салымдарын чечип берүү айымдарга шык берүү же колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен каралса жакшы болмок”.

Айылдык кеңештин депутаты Кардыгач Манапбаева

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Кардыгач Манапбаева, элет жергесинде айымдардын саламаттыгы, өнүгүүсү үчүн колдо бар нерселерди колдонуу керек деп эсептейт. Ал дары чөптөрдү иштетүү, кол өнөрчүлүк менен иш алып барууга шарт түзүү зарылчылыгына токтолду.

“Ал эми айылдарда кийиз иштетүү борбору ачылса жакшы болмок.Айылдарда кийизди кандай иштетүүнү билишет.Проекти жазып, кийиз станокторун алып, дүйнөлүк рынокко алып чыксак.Мындай башка жактарда бар.Биздин Тогуз-Тородо, биздин айылдарда жокко эсе”.

Тогуз-Торо айыл аймагынын жоопту катчысы Зууракан Акунова

Учурда Тогуз-Торолук айымдар кийим тигүү,сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча окуулардан өтүп келишет. Айыл өкмөттүн планында аялдарга долбоорлор менен иштешүү, колдоо көрсөтүү каралган дейт Тогуз-Торо айыл аймагынын жоопту катчысы Зууракан Акунова

“Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында аялдарды окутуп келүүдөбүз.Былтыркы жылы Дөдөмөл айылында сүт азыктарын иштетүүчү, Кош-Булак айылында кондитердик азыктарды иштетүүчү, Казарман айылында жер-жемиштерди кургатуучу окууларды уюштурдук”.

Даярдаган: Анара Мааметова