"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пандемия учурунда жумушсуз жарандар иш менен камсыз болушту

6 Декабрь 2020 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны: 52

Сары-Булуң айыл аймагында быйылкы жылы пандемияга учурунда, эрежелерди сактануу менен элдин турмуш тиричилигин жакшыртуу максатында эл ынтымакташып, Кара-Талаа каналына 615 гектарга суу чыгарып, 16 бала Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоорунун алкагында 15 күн иштеп, каналдарды оңдоп чыгышты.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков төмөнкүлөрдү билдирди:

Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков

Эмне себептен жарандар жумушка тартылышты?
Мындан сырткары, Кара-Суу Булуң, айылдарын бириктирип турган көпүрөнү суу ташкыны алып кетип, 81түтүн эл байланышсыз калгандыктан, эл демилге көтөрүп, 15 адам иштеп, жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу мекемеси аркылуу ар бир балага 2100 сомдон төлөнүп берилди.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоору аркылуу ар бир балага 6 каптан ун, 40литр май менен камсыз болду

Элдин демилгеси менен иштеген балдарга тамак-ашын камсыз кылып беришти. Мындан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоору аркылуу ар бир балага 6 каптан ун, 40литр май менен камсыз болду.

Сел алып кеткен көпүрөнү кайра калыбына келтирилди

Кара-Талаа каналын куруу боюнча жана сел алып кеткен көпүрөнү кайра калыбына келтирүүгө аз камсыз үй-бүлөлөр жумушка тартылып, эмгек акысына азык-түлүк түрүндө берилди.

Эскерте кетсек, Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып, жараксыз абалга келген.

 

Анара Мааметова