"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Зомбулукту токтотуу аракети

8 Декабрь 2020 жыл 0:07
Көрүүлөрдүн саны: 56

Элет жеринде зомбулук учурларды жок кылуу үчүн кандай аракеттерди жүргүзүлүп жатат? Дал ушул суроону айыл тургундары, гендердик серепчи жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге талкууланды.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында орун алып келет. Зомбулукка кабылган аялдар өзүнүн социалдык абалына жана жашоо шартынын деңгээлине карабастан запкы тартышат. Анын келип чыгуусунун бирден бир себеби катары айыл тургуну Чынара Коңурбаева коомдо калыптанып калган стереотиптик мамилелер деп эсептейт.

Айыл тургуну Чынара Коңурбаева

“Зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык жактан коргоо мамилерди жөнгө салуу, үй-бүлөдөгү чыр-чатакты жөнгө салуу, ыңгайсыз мамилерге жол бербөө.Үй-бүлөдө ырайымсыздык кылууда, мамилесин оңдоо, жасаган мамилесин мыйзамдуу жөнгө салуу керек”.

Ал эми Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Жоомарт Таанылбеков үй- бүлөлүк бакубаттыкты орнотуу, зордук зомбулукту жок кылуу боюнча эркектерди да окутуу учурдун талабы дейт. Анткени, үй бүлөлүк зомбулукка эркектерге салыштырмалуу аялдар көп кабылып келет.

“Эркектердин атынан борбор ачыш керек. Жалаң эркектерди окута турган. Юристер болобу, тажрыйбасы кенен кишилер болобу эркектерди окутуп туруш керек.Эркектерди окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюш керек.Ошондо алдын алуу, түшүндүрүү иштери болот”.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Майрамкүл Анарбекова

Зомбулуксуз 16 күн өнөктүгүн өткөрүү жөнүндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында жыл сайын буйрук чыгып, иш- чаралар өткөрүлөт. Аялдарга карата зордук- зомбулукту түп тамырынан жок кылуу, гендердик теңдикке жетишүү маселелери боюнча райондогу баардык мекеме ишканаларда лекциялар, семинарлар, конференцияларды өткөрүү жагы да каралган дейт Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Майрамкүл Анарбекова.

Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Бакен Досалиева

Үй-бүлөдө зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды, социалдык укуктук жактан коргоо жөнүндө дагы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, иш- чара кабыл алынган.Аткарылышы дайыма Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан көзөмөлдөнүп турат”.
Зордук-зомбулук боюнча көп эле иш чара болуп жатат. Бирок, эмнеге азайбай жатат деген суроого Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Бакен Досалиева жооп берип, бир катар себебине токтолду.

“Зордук- зомбулук боюнча мыйзамды аткаруучу жооптуу органдардын шалаакылык мамилеси, мыйзамдуу аракеттерин кылышпайт. Зордук -зомбулук кылып аткан болсо, алар бат эле элдешип алат деген мааниде мыйзамдуу аракеттерди кылышпайт. Экинчиден, элдин маалымдуулугу жок. Үй-бүлөдө баардык эле адамдар укуктук мамилесин дагы жоопкерчилигин дагы биле бербейт”.

Элеттик айымдарды ар тараптан колдоо керек
Анара Мааметова