"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү окуудан өтүштү

13 Декабрь 2020 жыл 22:45
Көрүүлөрдүн саны: 53

Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөр, жарандардын коопсуздугу жөнүндө санитардык эпидемиологиялык алгоритмди так аткаруу боюнча окутууга, участкалык шайлоо комиссиянын төрага, катчылары мүчөлөрү катышты.

Учаскалык шайлоо комиссиялары окуудан өтүп жатышат

Бул тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Света Моңолова билдирди.

Аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Света Моңолова комиссия мүчөлөргө окуу тренинг өтүп жатат

Окуунун жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссиянын ыйгарым укуктары, иштөө принциптери, добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күндөгү ишмердиги туурасында комиссия мүчөрү топторго бөлүнүп, ойлорун бөлүшүп, талкуулашты.

Катышуучулар топторго болүнүп, талкуулап жатышат

№ 2086 Ленин шайлоо участкасынын төрайымы Чынара Кулмурзаева тренинг тууралуу оюн билдирип кетти:

“Шайлоону өткөрүүдөгү мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөрдү билип алдык. Бизге берген окуулар жугумдуу болуп, шайлоону мыйзамдуу, так өткөрүп алалы деген оюн билдирип кетти”.
Азыркы учурда тизмени тактоо иштери жүрүп жатат. Ар бир участкада шайлоочулар таанышуу үчүн тизмелер илинди. Өзүнө тиешелүү участкага барып, тизмеден өзүн тактап алса болот дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын Тогуз-Торо районундагы системдик администратору Ниязбек Бактыгулов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Тогуз-Торо районундагы системдик администратору Ниязбек Бактыгулов

“Эгерде шайлоочу шайлоочулар тизмесинен таппай калса, дароо участкалык шайлоо комиссиясынын операторго кайрылса болот. Мындан сырткары 119 номерине чалып, смс жөнөтүү менен шайлоочу өзүнүн кайсыл жерде жайгашкандыгы тууралуу маалымат берет. 2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулардын тизмесинен тактап алуусу зарыл”.

Жыйынтыгында аталган аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Света Моңолова комиссия мүчөлөрүнө ыраазылыгын билдирип, ар бирибиз биримдикте так болуп, ачык айкын, көз-карандысыз, калыс болуп, мыйзамдын негизинде шайлоону өткөрүүгө үндөп кетти.

Тогуз-Торо районундагы тиешелүү бийлик өкүлдөрү, ар бир шайлоо участогуна барып, шайлоо өткөрүүгө карата даярдыктарын жеринен көрүп, айрым участкаларды жылуу жайга көчүрүү, айыл өкмөттөргө сунуш берилип жатат.
Тогуз-Торо району боюнча 15шайлоо участкасы бар.

Тогуз- Торо: «Биз биргебиз» акциясы жүрүп жатат
 

Анара Мааметова