"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Саясий абалга аймактардын көз карашы ар түрдүү

16 Декабрь 2020 жыл 2:07
Көрүүлөрдүн саны: 83

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди. Учурдагы конституциянын өзгөрүшү боюнча, Тогуз-Торо районунун айрым тургундарына кайрылып, пикирлерин сурап көрдүк.

Айыл тургуну Таалай Искендерова оюн төмөндөгүдөй бөлүштү:

Айыл тургуну Таалай Искендерова

“Конституциянын өзгөрсө, элдин жашоосу оңолот. Конституция өзгөрүлсүн деп күтүп жатабыз. Баарыбызга пайда алып келген мыйзам жазылса деген ойдо”.

Баш мыйзамдуу өзгөртүү боюнча  элде маалымдуулук аз. Бул демилге боюнча социалдык баракчалар аркылуу же жергиликтүү тургундар үчүн жолугушуулар уюштурулса, жакшы болмок дейт Ырыс Жумалиев.

Айыл тургуну Ырысбек Жумалиев

“Кээ бир адамдар түшүнүп түшүнбөй бирөө жарайт десе, экинчиси жарабайт деген кайчы пикир жаралууда. Менде маалымат жок, сыналгыдан кыскараак берилип жатат. Кыскасы, толук угуп алып, ошого жараша так маалымат бериш керек”.

«Эн биринчи мыйзамдуу шайлоолорду өткөрүп алып парламенттик, президенттик, анан Конституциялык реформа жөнүндө сөз кылсак туура болмок. Негизинен Конституция, өзгөртүү толуктоолорго муктаж»,- деген пикирин  айылдын активисти Анарбек Санжыбаев баса белгилеп кетти.

“Лидерлер башкаруунун формасын, элден суроо менен өздөрүнөн жоопкерчиликти алып салышууда. Лидерлер тескерисинче карапайым элге жол көргөзүш керек. Жалпы жолунан күчтүү парламент болушун жактайм”.

Айылдын аксакалы Жолдошалы Токтомадинов

«Конституциянын жаңы долбоору боюнча талкуулар жакшы эле болуп жатат. Мыйзамдар менен иштеп жатышат.Конституция оңолот деп ойлом. Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдойм»,- дейт айылдын аксакалы Жолдошалы Токтомадинов.

Элеттиктер конституциянын өзгөрүүсүнө кандай көз карашта?
Анара Мааметова