"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата окуучулар арасында сынак өткөрүлдү

17 Декабрь 2020 жыл 23:43
Көрүүлөрдүн саны: 84

Тогуз-Торо районунда уюштурулган конкурска 3-11-класстарынын окуучулары катышышкан. Анын ичинен сүрөт сынагына 3-6 классынын окуучулары, ал эми көркөм окуу сынагына 7-11-классынын окуучулары катышып, өз күчтөрүн сынашты.

Аталган мектепте Ч.Айтматовдун жумалыгына окуучулар арасында конкурс уюштурулуп жатат


Кеченип жүрүшүндө сүрөт сынагынын катышуучулары Ч. Айтматовдун чыгармаларын өз чыгармачылыктары менен көркөмдөп, кагаз бетине түшүрүп келишкен, ал эми көркөм окуу сынагынын катышуучулары, жазуучунун бир катар чыгармаларынан монолог окуп беришкен.

Бул тууралуу Т. Сатыбалдиев мектебинин 11-классынын окуучусу, маданият кызматкери Индира Шамырканова төмөнкүлөрдү айтып өттү:»Биз 11-декабрь күнү Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата, мектептеги социалдык педагог жана мектеп парламенти менен биргеликте «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу сүрөт жана көркөм окуу сынагын өткөрдүк.Сынактын жыйынтыгы 13-декабрды чыгарылат. Бул сынакка окуучулар өтө чоң кызыгуу менен катышышты жана пайдалуу маалыматтарды ала алышты деген үмүттөбүз», -дейт И. Шамырканова.

Көркөм окуу сынагын социалдык педагог жана мектеп парламенти менен биргеликте уюштурулуп жатат

Ошондой эле, көркөм окуу сынагынын катышуучусу 9-классынын окуучусу Чынаркүл Улукбек кызы сынактын мыкты деңгээлде өткөндүгүн билдирди: » Мен бул сынакта жазуучунун «Саманчынын жолу» чыгармасынан «Майсалбектин каты» монологун көркөм айтып бердим.Сынак абдан мыкты болду, көңүлдүү өттү, менин купулума толду»- деген оюн айтты Ч. Улукбек кызы.

Дүйнө элинин жүрөгүнөн орун алган алп жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы туулуп, 2008-жылы 79 жашында дүйнө салган. Улуу жазуучу тирүү болгондо быйыл 92 жашка толмок.

 

Нуриза Рыскулова