Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында айыл өкмөттүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн акча каражаты бөлүнүп, тиешелүү иш алынып барылды.
Бул тууралуу аталган айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Улан Далбаев билдирди:
Сары-Булуң айыл аймагына караштуу орто мектепке 10-орундуу айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте күндүзгү кабыл алуучу стационар уюштурулду. Күндүзгү стационарга керектелүүчү медициналык каражаттар, коргонуучу кийимдер жана жууркан төшөктөр менен камсыз болду.
Аз камсыз үй-бүлөлөргө демөөрчүлөр тарабынан 325 даана бет кап,30 даана антисептик берилди.
Жергиликтүү бюджеттен 36000 сомго жакын обцервацияга жумшалды. Жалпы жергиликтүү бюджеттен 2020-жылга карата 96миң сомдон ашуун акча каражаты жумшалды.
Анара Мааметова