"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Үйү өрттөнүп кеткен жалгыз бой эне жардамга муктаж

7 Январь 2021 жыл 1:49
Көрүүлөрдүн саны: 65

Тогуз-Торо районунда өрт кырсыгы болуп, Санирабига Бекмамет кызы 5 баласы менен убактылуу жашаган батириндеги эмеректер, балдардын кийимдердин бардыгы өрттөнүп кетти. Учурда жалгыз бой эне жардамга муктаж болууда.

Жалгыз бой эненин эмеректери, балдардын кийимдери бардыгы тең өрттөнүп кетти

 

Өрт кырсыгы Казарман айылында 5-январда, кечинде катталган. Санирабига Бекмамет кызынын айтымында 6 бөлмөлүү үйдүн, 3бөлмөсү өрттөнүп, күлгө айланды.

«Эч кандай жабырлануу болгон жок. Балдарымдын абалы жакшы. Өрт өчүрүүчү кызматы абдан тез келди. Тилекке каршы өрт абдан тез чыгып, жетише алышкан жок. Каргалык айыл аймагы тарабынан 5миң сомдук азык-түлүк түрүндө жардам берилди. Мындан сырткары кошуналар, көптөгөн жарандар колдоо көрсөтүп жатышат».

Бөлмөнүн өрттөн кийинки абалы

Ал эми Санирабига Бекмамет кызынын кошунасы Назила Анжанбекова оюн төмөнкүчө бөлүшүп кетти:
“Санирабиганын үйү түндө өрттөнүп, балдары менен биздин үйгө түнөшүп, эртең менен ата-энесинин үйүнө кетишти. Бүт кийимдери, азык-түлүктөру бүт өрттөнүп кетти. Убактылуу батирде жашап жатышкан. Кошуналар да акча чогултуп, жардам берели деп жататбыз”, -дейт кошунасы Н.Анжанбекова.

Каргалык айыл аймагы тарабынан 5миң сомдук азык-түлүк түрүндө жардам берилди

Жардамга кол сунган жарандар үчүн:
Бай-Түшүм банкы, картанын номери 9417339444699490
Байланыш үчүн телефондор:0770510754; 0507009662

 

Мындан мурда Сокулук районундагы бир үй-бүлө өрттүн кесепетинен кышкы суукта үйсүз калган 

Анара Мааметова