2021-жылдын 10-январында КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү өнөктүгүнө карата Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жайгашкан №2087 Кара-Суу шайлоо участогу өз ишин алып барууда.
Кара-Суу айылындагы эң жаш шайлоочу Айназик Абдылдаева шайлоого биринчи жолу катышып жаткандыгын билдирди:
“Мен Кара-Суу айылынын тургуну болом, жакында эле 18 жашка толдум, азыркы учурда 1-курста окуйм, бүгүн биринчи жолу шайлоого катышып жатам, шайлоого катышуу оңой эле экен, шайлоонун жүрүшүнөн эч кандай кемчиликтерди көргөн жокмун”,-деп өз оюу менен бөлүштү А. Абдылдаева
Президенттикке талапкерлердин бирөөсүнүн ишенимдүү адамы, айыл тургуну Чолпонбек Садыков шайлоонун таза өткөрүлүп жаткандыгын билдирди:
«Шайлоонун жүрүшүндө эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок, эртеден бери өзүм шайлоого катышып олтурам, менин көз карашым боюнча жакшы, таза шайлоо өткөрүлүп жатат «, -дейт Ч.Садыков.
№2087 Шайлоо участогунун мед айым Гулзарида Жыргалбек кызы шайлоочулардан дене табы көтөрүлгөн же оору белгилери бар жарандар катталбагандыгын билдирди:
“Шайлоодо бардык санитардык эрежелер сакталып жатат, келген шайлоочуларды санитардык норма менен гана өткөзүп жатабыз. Дене табы көтөрүлгөн же болбосо оору белгилери бар жарандар азыркы учурга карата каттала элек”, -деп билдирди Г. Жыргалбек кызы
Шайлоо комиссиясынын төрайымы Анара Мааметова №2087 Кара-Суу шайлоо участогунда саат 17:00гө карата 511 шайлоочу катталгандыгын билдирди.
Куланак: Добуш берүүгө эл активдүү катышып жатат
Нуриза Рыскулова